Ноокенде жарандарга карата ок чыгарган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
5-декабрь күнү саат 17:00 чамаларда Ноокен районунун Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу “Кыргызнефтегаз” ААКнун газ бөлүштүрүүчү станциясынын жанында Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1969-ж.т. Ш.Б. ошол станцияда иштеген Кочкор-Ата шаарынын тургундары А.А. жана Е.П. аттуу жарандар жакка каратып колундагы ок атуучу куралы менен атып жиберген.
Аталган факты боюнча топтолгон материал Ноокен РИИБнин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү жана жүргөн жери аныкталып, ок атуучу куралы далил буюм катары алынып тергөөгө камсыздалган. Ал эми Ноокен РИИБнин тергөө кызматы тарабынан шектүүгө кабарлама берилип, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ