Menu

Сүйөркул Тургунбаев, Кыргыз эл акыны: “Сталиндин Горидеги үйү”

Бөлүшүү:

1980-жылы “Кыргызстан маданияты» газетасында адабий сын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөн кезим. Апрель айында Грузиянын борбору Тбилисиде театр сынчыларынын Бүткүл союздук, анда СССР он беш республика кезинде сегиз күндүк симпозиуму өтмөк экен. Биздин маданият министрлигине чакыруу телеграммасы келиптир. Ага менин катышуумду сунуш кылышты. Симпозиум апрелдин жетисинен он бешине чейин 8 күн болору, ага катышуучулар «Сакартвело» аттуу сыйлуу конок мейманканада жайгашышары чакыруу — телеграммада көрсөтүлүптүр. Мен азыркы Манас – Түрк университетинин техникалык кампусу жайгашкан Жал кичи району тараптагы аэропортко барсам Тбилисиге Ташкент, анан Баку аркылуу гана уча турган транзиттик белет беришти. 5-апрелде ошол эски аэропорттон Ташкенге учтум. Ташкенден Бакуга самолет күтүп, таң атканча жүргүнчүлөр залында отурдум.

Аэропорттогу кызматчыларга Бакуга учураткыла деп, жашырып акча-пара да бердим. Ошентип Бакуга жетсем — “Тифлиске самолет жок” – дешет. Эртеси саат 10до Тифлисте Симпозиум башталмак. Ошондо бир азербайжан аксакалдан кенеш сурасам, ал – Самолеттун белетин аэрокассага өткөрүп, Тбилисиге кечки поезд менен жөнөсөм, эрте мененки саат 9да жетип барарымды айтты. Ошол адамдын кеңеши менен самолеттун белетин кассага өткөрүп, кечки поезд менен жол алдым. Тифлиске жеткиче Сокартвело конок үйүнө кантип барарымды сурасам, грузин аял «метрого түшүп, Руставели станциясынан чыксаңыз жакын болот» – деди. Колумда чемоданым менее ошол аял айткандай Руставели метро станциясынан чыксам, модалуу жинси кийинген келбеттуү грузин жигит учурады. Андан “Где «Сокартвело?» деп сурасам, жакын эки жүз метрдей эле жерде экенин айтып, отель дарбазасына чейин чемоданымды көтөрүп өзү узатып келди. Сыпайы жигитке абдан ыраазылык билдирдим. «Сакартвело» — заңкайган аскадай байыркы тилде “Грузия” дегенди билдирген, каалгалары да калың, чоюндай оор — абдан элитар конок үй экен. Киргенимде эле көпөлөк канат галстук тагынган шаптай грузин жигит – Келиңиз. Сизди билгилер күтүп жатышат. Экинчи кабатка көтөрүлсөңүз, кыздар сизди жайгаш жайыңызга жайгаштырып тиешелүү папке-документтерди, сегиз күндүү симпозиум программасын беришет, деди. Экинчи кабатка чыксам —жадыраган грузинка кыздар мени жайдары тосуп алышып, мен жайгашчу бөлмөнүн ачкычын симпозиумдун документтерин, сумка, папкаларды беришти. Ошентип Бүткүл союздук театралдык сынчылардын симпозиумунун Ш. Руставели театрындагы салтанаттуу ачылышына катышууга кечикпей үлгүрдүм. Симпозиумдун бул театрда өтүп жатканы жөн жерден эмес эле. Себеби ошол мезгилде Грузия грузинче байыркы аты – Иверия СССР державасындагы адабият, сүрөт, айкелчилик, музыка, театр, кино искусствосу дүркүрөп өнүккөн, алдыңкы маданияты менен атагы чыккан республика – искусство жандуу, көркөм кадырлаган эл катары эсептелгендиктен СССР маданият министрлиги Театр искусство сынчыларынын симпозиумун так ушул республикада өткөрүүнү чечкен. Симпозиум күндөрүндө Грузиянын орус тилиндеги газеталарынан ал кездеги биринчи жетекчиси Шеварднадзе бир айкелчи-скульптордун өнөрканасына барып, анын чыгармачылыгына урмат көрсөткөнүн окуп, партиялык башкы жетекчилер да искусствого чоң көңүл бурарына күбө болдум. Ал кезде Кыргызстандын башкы партиялык жетекчилери мындай жосундар менен өнөр адамдарын сыйлай билчү эмес. Алар элди карандай эмгекке айыл-чарба, мал чарба пландарын аткарууга күчтөп үгүттөөчү. Тифлистин өзүндө эле жети театр бар.

Баары күжүлдөп иштейт, күн сайын жаштар да, орто жаштагы адамдар да театрлардын алдында белетке кезекке турушат.

Ал чакта биздин борборубуз Фрунзе шаарында биздин жаштар орустар менен тытышып, театрлардын алдында эмес, виноканалар менен пивнойлордун тегерегинде үйүгүшчү. Тифлистин так ортосун тең жарып, Кура дарыясы агып өтөт. Шаар – эки тоонун ортосунда жайгашкан кенен капчыгайга окшош. Дарыянын эки жээгинде тең, табигый үңкүрлөрдүн ичине чейин театрлар курулган. Дарыянын алды менен да дүпүлдөп метролор өтөт. Эки жээгинде тең Метростанциялар бар. Тип-тик аскалардын кыл учуна чейин керемет имараттар курулган. Оң жак жээкте Сталин тоосу, анын үстүндө Сталин атындагы маданият паркы кеңири жайгашкан. Ага адамдар эс алып, сейил куруу үчүн асма жол менен чыгышат. Мен да эки жолу чыгып, кыдырып көргөм. Сталин тоосунун кыл чокусуна илгерки Тамара ханышасынын бир колуна кылыч, бир колуна шарап куюлган чыны кармаган эстелиги орнотулган. Ал заңкайып алда кайдан-көз кайкыган алыс жактардан да көрүнүп турат.

“Дос келсе шарап менен, кас келсе кылыч менен тособуз” деген символ белги. Парктын ортосунда Сталиндин монумент эстелигинин пьедесталы турат – өзү жок. КПСС БКнын Гес секретарь Н. Хрущевдун учурунда бир түндө алынып кеткен деп айтышты грузин адамдар.

Симпозиумдун экинчи күнү менин бөлмөмдүн эшиги тыкылдаганынан ачсам, сөөлөтү биздин Чыкебиздин 45 жаштагы кезиндей келбеттүү грузин адамы турат. Артында анын чемоданын көтөрүшкөн дагы эки бакубат жигиттер көрүндү. Ал мага салам айтып – «я оказался вашим соседом»,- деди. Мен «пожалуйста, устраивайтесь», дедим. Ал жанындагы эки жөкөрүн өз тилинде бирдемелерди айтып узатып, көтөрүп келген буюмдарын шкафтарга иреттеп, керебетке жайгашып бүткөндөн кийин: “Вы на симпозиум приехали?” – деп сурады. Мен “да”,-дедим. “Вы у нас первый раз?”,- деп сурады, мен – да, первый раз, дедим. Ал – в таком случае я вас приглашаю в ресторан за мой счет, деди да сыртка баштады. “Сакартвелонун” биринчи кабатында бир тай чабымдай ресторан бар экен. Ак тасмал жабылган келишимдүү столго экөөбүз жайгашкандан кийин, ал официант кызга өз тилинде заказ берип атып, сый мүнөздө мага кайрылып: -вы чего употребляете из напитков,- деп сурады. Мен “конок койдон жоош, кожоюн эмне берсе – ошону татат”, дегенди орус-чалап – “у нас у киргизов имеется такая поговорка: – гость принимает то-что предлагает хозяин” деп котордум. Анда ал: “в таком случае я вам предлагаю высший сорт чисто грузинского вина”,—деди, жадырап күлүп турган официант кызга өз тилинде заказ жасады, аз убакыт өтпөй эле официантка узун патнуста бир графин кочкул кызыл виносу менен түркүн даамдардан турган чоң сервиз көтөрүп келди, мени сыйлаган инсан өзү батыш Грузиядагы Гегочкор районун биринчи секретары экен, отуз чакты кишиси менен Тбилисиге жакын аймактагы бир район менен тажрыйба алмашканы келишиптир. Анын адамдары «Иверия» аттуу конок үйдө калып, өзү мен жаткан сыйлуу мейман үйгө келиптир.

– Мен сизге ушул сорттогу винону ичип жүрүүнү сунуш кылам себеби биздин курактагы эркектерге кубат берет. Анан Грузиядагы винолордун эң мыктысы. Отурушубуз ортолоп калган кезде; — Сиз жана сиздин кыргыздар мусулманбы? – деп сурады

Мен кыргыз, өзбек, казак, азербайжан, татар түркмөн, тажик, башкыр элдердин баары мусулманга кирет,- дедим. Ал; -Афганстанчы? – деди,- Афганстан мусулман,- дедим. Ал; – Афганстан мусулман өлкө болсо, анда неге христиан дининдеги орус армиясын ичине кийирди? – деп таңданган тейде сурады. 1978-жылы Л. Брежнев Афганстанга советтик армияны кийирген эле. Мен адегенде Афганстандын дин өкүлдөрү СССРде мусулман динине эркиндик берилгенин, мечиттер иштеп жатканын өз көздөрү менен көрүп ишенишкен. Ушундан соң, СССР менен мамиле түзүүгө макул болушкан. Сиз өзүңүз коммунизмди куруучунун кодекси менен тааныш болсоңуз керек. Андагы пункттар менен курандагы аяттардын шарттары окшош; таза жүр, уурулук кылба, ушак айтпа, бирөөнү өлтүрбө, жалган жалаа жаппа, калп сүйлөбө, ак мээнет менен жаныңды бак – деген санат-насыяттар бирдей. Ленинизм идеологиясы менен Мухаммедизм сүннөт – аяттары кыл келишкен жагдайлары бар, — дедим. Ал эми экинчи жагынан бул жерде стратегиялык да маселе бар.- Америка менен СССР экеөө тең, Афганстанды өз тарабына тартууга кызыкдар. Ошон үчүн СССР озунуп өз армиясын кийирип, Гиндикуш бийиктигин ээлөөгө ашыкты. Эгер Америка ал бийиктикти биринчи ээлесе ошол чокудан аткан ракеталары Москва – Кремлге түптүз жетмек,- деп айтып, бул киши мени сынамака сурап жатабы деген да ой кетти. Бирок ал киши менин айткандарыма аябай таң калып, өзү бул маселелерди билбестигин айтып; – Сиз абдан билимдүү экенсиз, сыягы жазуучу болсоңуз керек, бир топ нерселерге түшүнүгүмдү кеңейтип койдуңуз; деп, мени менен таанышып, баарлашканына курсант экенин билдире баштады. Бөлмөбүзгө кеч келип телевизордон Динамо Тбилиси/ -Кайрат/Алматы командалардын футбол беттешүүсүн көрүп кеч уктадык. Эрте менен ойгонсом ал менден мурда туруп, өзүнүн коллективи жайгашкан «Иверия» аттуу мейманканага жөнөп кетиптир. Мага таанышканына абдан курсант экенин билдирип, записка кагазга адресин, үй телефондоруна чейин жазып, жок дегенде үч күнгө мейман болуп, ал башкарган Кара Деңиз жээгиндеги Гегочкор районуна келип кетүүмдү сураныптыр. Кийин мен ошол записканы жоготуп алып, аябай өкүттө калдым. Симпозиумдун жүрүшүндө эң дэфицит эсептелген китептерди сатыкка аз гана санда апкелгендиктен чүчү – кулак кармап жребий кимге буйруса ошонубуз алмай болдук. Ошондо мага Белла Ахмадулина менен өзүмдүн досум Михаил Синельниковдун «Аргонавты» китеби туш келгенде көп шериктештеримдин көзү күйүп, “жолдуу адам экенсиз”деп мага суктанышты. Ал китептерди орус тилинде Грузия басмасы чыгарган экен.

Андрей Вознесенский менен Евгений Евтушенконун китептерин да ошояктан алган элем. 80-жылдарда алар абдан атагы чыккан кадырман акындар эле.

Симпозиумдун акыркы сегизинчи күнү Тбилисиден 60 чакырым алыстыктагы Сталиндин Гори районундагы үй-музейине бир автобус менен 32 киши элек алып жөнөдү. Жолдо бир тоонун боорунда байыртан берки ажайып үңкүрдү көрсөтүштү. Үңкүрдүн эң төрүндө бир таш чырак үлбүлдөйт.

Анын түбүндө грузин салтында кийинген аксакал адам үйлөнүп жатышкан эки жашка нике кыйып, грузин салтындагы расмини жасап, биздин Алыкул акын которгон Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийинген баатыр» дастанынын эки томун сеп катары колдоруна карматып жатканын көрдүк. Горинин борборуна келгенибизде райондун биринчи секретары тосуп чыгып, Сталиндин үй-музейине баштады. Ал биздин Михаил Фрунзе музейиндей айнек дубал менен курчалыптыр. Эки бөлмө жупуну там. Астында вино – шарап сактоочу чоң кувшиндүү погреби бар, ага жыгач тепкич менен түшөт. Төрдөгү дубалда Сталиндин өтүкчү атасы менен апасынын сүрөтү илинген. Экөөнүн ортосунда кичинекей бала – Иосиф Джугашвили отурат. Үй-музейдин айланасындагы эстелик жайларды көрсөтүп бүткөндөн кийин райондун акими бизди банкет залга баштады. П-тамга түрүндөгү узун залга узун стол коюлуп, ак дасторкон жайылган. Аны көргөндө биздин делегациядагы орус аялдар; – Бизди жайдак столго чакырганы эмнеси, шылдыңдаганыбы? – дешип шыпшынып, ушакташа башташты. Мен жанымдагы өзбек, казак, түркмөн, тажик, азербайжан азиаттарыма; -Биз жут орустарга окшобойлу. Булар сугалак, опкок эл болот. Грузиндер конокту өз салты боюнча сыйлашаары бышык, өзүбүздү сый кармайлы. Булардын салтына тийишпейли,-дедим. Азиаттарым менин айтканымды туура дешти. Биз узун столдун этек жагынан жай алдык. Горинин акими өзүнүн свитасы менен столдун төрүнө отурду. Заматта шыпылдаган официант жигиттер столго тарелка, вилка, рюмкаларды кыдырата коюп кетишти, чача ичимдиги куюлган койкойгон он чакты графиндер столго тизилип калды. Дагы шаптай-шаптай официанттар билектей-билектей шишкебектерди булоолонтуп тарелкаларга шыпырып салып кетишти. Аны көргөндө жанагы шыпшынган опкок орус аялдар кубанганынан көздөрү жайнап кетти. Стол бир заматта түркүн даамдарга толуп чыкты. Чача ичимдиги куюлган чөйчөктү колуна алып, биринчи катчы – аким өзү ар кандай сый тамак, салтанат тойлорду грузин салты боюнча бир гана тамада башкарарын баса белгилеп, биринчи тостту алдырды. Орус арагы 40 градус болсо, чачаныкы 60 градус экен. Москва жана Ленинграддан келген орус театрал эркек, аялдар бир рюмкадан алганда эле тамылжып, чекелеринен тер чыгып, шишкебек, закускаларды жалмап киришти. Экинчи тосту алгандан кийин ажылдашып, тост айткылары келип, сөз сурай башташты. Аким алардын эсине грузин салтын эскертип, сөздү өзү гана сүйлөөрүн, тост айтпай эле сый мейман болууларын өтүндү. Ага да болбой бир искусство илим доктору жажалап, кайта-кайталап сөз сурай берип жадатты. Аял театралдар да акимге; – Сиз меймандарды сыйлаарыңыз чын болсо анда неге биздин өкүлгө бир ооз сүйлөөгө уруксаат бербейсиз,-деп туш-туштан каптап кетишти. Ошондо аким бир ооз сөзгө уруксат берди эле, жанагы илим докторутура калып; “Да здравствует Иосиф Виссарионович Сталин!” -деп бокалды залп менен жутуп жиберип, отуруп калды. Ошондо тамада айтты; – Сиз бул сөзүңүз менен Сталиндин аты аркылуу грузин элине болгон урматыңызды айткыңыз келдиби? – деди,- Дал ошондой,- деди театровед.- Элге болгон сый мындай бир сөз менен туюнтулбайт,- деди аким. Мен кечээ жакында Москвада болдум. Кызыл Аянтка жакын жерде ” Марс ” деген кафе бар. Аны билсеңиздер керек. Ошол кафеде кечке жуук бир орус кыз менен отургам. Бир кезде аксап баскан орус абышка биздин столго басып келип, мени менен отурган кызды жаакка чаап жиберди. Ал чыңырып ыйлаган бойдон кафеден качып чыгып кетти. Мен: – Эй мужик, кызды эмнеге урасың? Мендей грузин менен отурган үчүнбү? – десем, мени билектен алып, бас быякка,- деп сыртка – Кызыл Аянтка жетелеп жөнөдү. Кремль Дубалынын түбүндөгү Сталин кабырынын плиткасына келгенде – чөгөлөп отура калып, плитканы өпкүлөп ыйлай баштады. Ошондо мен анын ниетине түшүнүп, эптеп сооротууга аракеттендим. Ал айтты; – Кыз менин жакын жээним. Аны сендей грузин менен отурганы үчүн эмес, күн сайын ар кимдер менен арак ичкени отурганы үчүн урдум,- деди. Сталин аркылуу грузин элин сыйлаарын ал мына ошентип далилдеди.

Чын ниет — ыклас ушинтип далилденет,- деп айтканда тост сурагандардын жаагы жап болду. Аким өзү ар түркүн тосторду айтып чачаны алдырып жатты. Столдун эң башында ал, эң этегинде мен отургандыктан көзүбүз чагылыша тиктеше түшчүбүз. Элдин баары кызып, банкет да аяктайын деп калганда ал мени тиктеген калыбында ордунан туруп, Сталиндин акценти менен; — Вы товарищ – сидящий на том краю стола, я незнаю кто Вы такой и откуда приехали, но этот тост я предлагаю выпить за Ваше здоровье! – деп өзү колундагы чөйчөгүн ичип жиберип, мени тиктеген тейде отуруп калды. Мени элдин баары жапырт карашып, аял театралдар менен жанжагымда отурушкан азиаттарым да; – Сизге тост бергендей болду. Сиз да жоопсуз ичпеңиз, — дешип, өздөрү да колдогу чөйчөктөрүн ичпей, мени күтүп калышты. Ордуман туруп, Сталин акиминин көзүнө тике карап; -Я литературный представитель из Киргзии. Передаю Вам привет от великих сынов Киргизии великим сынам Грузии. От высоких гор Киргизии — высоким горам Грузии. У нас талантливо переведена на киргизский язык великая поэма – дастан Шоты Руставели “Витяз в тигровой шкуре”. Растут джигиты и девушки с именем Тинатин и Афтандил, Тариель и Дарежан, и Нурадин. Эти герои грузинского эпоса, в их образах выражены идеалы великой дружбы и любви,— деп, анан улуу Сталин мекенинин ишмер акими катары күн сайын бүт дүйнөлүк меймандарды күтүп, алардын ак батасын алып, жүзүм менен чай өстүрүү боюнча чарбасы, экономикасы өркүндөп, көркү, атагы артып, Сталиндин атына татыктуу боло беришин тилээримди айтып тосту алганымда элдин баары мени колдоп, колдорундагы бокалдарды дароо лактырышты. Даркан аким ордунан шарт туруп, шартылдап басып келип мени кучактап, экөөбүз көкүрөк кагыштырып атканда анын келбет-сөөлөтүн акын досум Жолон Мамытовго окшоштурдум. Экөөбүздүн турушубуз менен банкет да аяктап, менин театровед коллективим бизди Тбилисиге алып кетчү сырттагы автобуска түшө башташты. Күн да кеч бешимге чукулдап бараткан. Сталиндин району Гориден Тбилисиге чейин бир сааттык жол. Эртеси симпозиумчулар өз мекендерибизге тарамакпыз…

Банкет берген аким болсо мени бошотпой; — “Дорогой, на три дня останся, будь моим гостем. Я покажу тебе мою красивую жену и двоих сыновей. А потом весь мой район Гори – овощеводство, животноводство, чаеводство, виноградство»,- деп мени коллективден калып калышымды сурана баштады. Менин симпозиумчуларым автобуска түшүп алышып кол ымдап,” -Сталиндин секретарын ташта, биз менен бол, Тбилисиге кеттик дешип – шаштырууда.

Мен Сталин акимине; — «Дорогой, у меня на завтра в Ташкент билет на самолет, вот”,— деп чөнтөгүмдөгү самолеттун билетин сууруп көрсөтсөм; – «Дай мне, разорву. Через три дня я сам посажу тебя на тот самолет, который гудит пропеллером в среднюю Азию”,- деп билетимди колумдан айрып салгысы келди. Ошондо анын көңүлүн кыялбай калып калсам 8 күн чогуу жүргөн Симпозиум коллективим – 32 киши — 64 көздүн назарынан калып каламбы деп чочулап, даркан акимге үнүмдү грузин гонорунда; – «Дорогой, изволь на этот раз, другой раз обязательно буду”,- деп шарт колун кармап коштошуп басып кетсем, кайран сөөлөттүү аким далдайган бойдон жалгыз калып калды. Автобуска кирсем театрал делегациям бүт; – Ураа! Мы победили,- деп эркек-аял театроведдер бардыгы мени кучактап өпкүлөй башташты. Ошентип Тбилисиге жол алдык бул күнү. 1980-жыл 16-апрель күнү КПСС БКнын Генсеги Л. Брежнев Индияда Индира Ганди менен жүздөшүп жүргөнүн радио айтып жатты…

Сүйөркул Тургунбаев, Кыргыз эл акыны

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: