Ош шаарындагы № 36806 аскер бөлүгүнөн 3-декабрда качып кеткен эки жоокер кайра кызмат өтөгөнү кайтып келишти. Бул тууралуу 6-декабрда Башкы штаб билдирди.
Экөө алгач эле ата-энелери менен байланышка чыгышкан.
“Жоокерлердин ата-энелери менен сүйлөштүк. Мыйзам боюнча өз ыктыяры менен аскердик бөлүктөн кетип калган жоокер беш күндүн аралыгында кызмат өтөөсүнө кайтып келүүгө тийиш, бирок административдик жоопкерчиликке тартылат”, – деп маалыматта айтылат. Алардын качкан себептери дагы бир ирет такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ