Menu

Нурильич Токонбаев, “ОшЭлектро” ААКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси: “Электр энергиясы – бул мамлекеттик товар”

Бөлүшүү:

—Нурильич Асаналиевич, кызмат ордунуз кут болсун! Ар бир тармактын өзүнчө түйшүгү болот эмеспи. Жаңы жетекчилик кызматка барууда көпкө ойлондуңузбу?

—Көпкө деле ойлонбодум. Себеби, жогорку билимди дал ушул энергетика тармагы боюнча алгам. Тактап айтсам, Ош технологиялык университетинин инженер-электрик факультетин бүтүргөм. Эгерде кесибим башка болсо коркууга жагдай жаралмак. Мындан улам бул тармак мага бөтөн эмес, тааныш тармак. Эми мындан ары ишти алып кетүү бир гана менден көз каранды деп эсептейм. Ишенич артылган соң, ишенимди актоо үчүн колдон келишинче аракеттенип атам.

—Энергетика адистиги боюнча билим алганыңыз менен, бир топ убакыт журналистика тармагында эмгектендиниз. Мындан улам көнүп калган жайды таштап, башка тармакка кетүү кыйынчылык жараткан жокпу?

—Ооба, өзүңүз айтып өткөндөй мен ЭлТР МТРКсында эмгектенип келдим. Ал жактан дос-тааныш, кесиптештерди күттүм дегендей. Ал жакка көнүп калгандыктан, бир аз кыйынчылык болду. Билесиздер, ал жактын чөйрөсү таптакыр башка. Ал эми бул жерде болсо система менен иштейсиң. Эми, адам өсүш үчүн бир эле жерде кармалып тура бербеш керек дешет го. Ошондуктан жогорку билим алган тармакта да иштеп, өзүмдү сынап көргүм келди.

—Эми жаңы жумушуңа байланыштуу суроо берсем. Ош шаарындагы «көпөстөр» жарыктын акчасын төлөбөй, үйүнө, ишканасына адам киргизбейт дешет. Алар менен кантип сүйлөшүп атасыздар?

—Азыр «ОшЭлектро» Ачык акционердик кызматы энергияга болгон төлөмдү өз убактысында эле жүргүзүп жатат. Андай «көпөстөрдүн» үйлөрүнө акылдуу электр эсептегичтер орнотулган. Эгерде өз убагында төлөшпөсө, үйүнө барыштын зарылчылыгы жок. Компьютердик пульттан эле жарыгын өчүрүп коебуз. Бизде энергияга болгон карызды өндүрүүдө эч кандай маселе деле жокко эсе.

—Жакында эле кимде-ким электр энергиясына болгон карызын өз убагында төлөбөсө, анын аты-жөнү ачык жарыяланат дедиңиз. Мындай кадамдарыңыз кызмат абалыңызга, коопсуздугуңузга кыйынчылык жаратпайбы?

—Энергетика тармагында акчасын төлөбөгөн абоненттерди ачыкка чыгаруу кызмат абалга коопсуздук туудурбайт. Электр энергиясы – бул мамлекеттик товар, аны кыргыз жарандары кызматына карабай, пайдаланган энергиясы үчүн акчасын төлөшү милдет. Ар бир жаран мамлекеттик товарга өзүнүн буюмундай аяр мамиле кыла баштаганда, маселенин баары жоюлат.

—Баягы эле бей-бечаралардын электр жарыктары өчүрүлүп кетпейби?

—Мыйзам алкагында баарыбыз бирдей болушубуз шарт. Энергияны пайдаланып туруп акчасын төлөбөсө, аларды бай же бей-бечара деп бөлбөстөн, бирдей карап, төлөбөгөндөргө жарык берүүнү токтотобуз. Ошол эле учурда турмуш шартына байланыштуу мүмкүнчүлүгү жок абоненттерге жеңилдик катары (алар арыз менен кайрылышса) карыздарын бөлүп төлөө графигин түзүп беребиз жана ошол график менен төлөшсө, алардын жарыгы өчүрүлбөйт.

—Ош шаарында жалпысынан канча абонент карыз жана алардын карызы канча сумманы түзөт?..

—Билесиздер, Ош шаары аябай чоң шаар. Жалпысынан 104 890 абонентибиз бар. Биздин абоненттер канча сом карыз экенин так айтыш кыйын. Дегеним, бул маалымат күн сайын өзгөрүлүп турат. Ошол эле учурда бардык адамдар бирдей даражада жашабайт, «беш кол тең эмес» дегендей. Бир топ абоненттер карызын убагында төлөсө, карыз болуп калгандары да бар. Жогоруда айтып өткөндөй, биз жарандарыбыздын жашоо шартына, ыңгайына карайбыз. Ошол эле учурда төлөнбөй жатса, эскертүүгө, жарыкты өчүрүү кадамдарына барабыз.

Баян Кулова

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: