Menu

Умар Жунусов: Данияр Абдыкаров өзүн чыныгы генералмын деп эсептесе, рапортун жазып кетип калсын

Бөлүшүү:

-Умар мырза, милициядан кеткенден бери эмне менен алексиз?

-Акыйкаттык издеп жүрөм. Биринчи мен милициядан кеткендигимдин себебин айтып берейин. 2017-жылы 15-августта ГУУР менен ГУБОПто реорганизация болуп, бардык кызматкерлер штаттан чыгарылганбыз. Ордуна жаңы Криминалдык милиция деген кызмат түзүлгөн. Мен ошол учурда мыйзамдуу түрдө эмгек өргүүсүндө жүргөм.

-Сиз ошол кезде кайсыл кызматта иштеп жаттыңыз эле?

-Мен ГУУРда Мүлк уурулук боюнча башкармалыктын өзгөчө маанилүү кылмыштар бөлүмүндө ага опер кызматкери болчумун. Менин кызмат ордум кыскарган эмес. Иштеп жаткан мезгилде тартиптик жазам да жок болчу. Мыйзамдуу түрдө эмгек өргүүдө жүргөнүмө карабай мени жаңы түзүлгөн кызматтын штатына киргизбей коюшуптур. Министрдин орунбасары Данияр Абдыкаровдун көрсөтмөсү менен кылынган экен бул иш. Жаңы түзүлгөн Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурмат Болпоновго кирип жагдайды түшундүрүп берүүсүн сурасам, “сени Данияр Абдыкаров чийип салды, кийин башка орун беребиз деди” – деп жооп берди. Мен макул болуп чыгып кеттим. Мени Чүй облустук милициясынын кадрлар бөлүмүнө жиберди. Бирок алар мага кызмат беришкен жок. Анткени алар мага мурда иштеп жүргөн кызматыма теңдеш кызмат бериш керек болчу. Мыйзам боюнча ошондой. Анан 28-декабрда Чүй облустук милиция башчысы Нурлан Сарчаевдин буйругу менен, “мөөнөтүң бүттү” – деп, органдан четтетип коюшуптур. Мен бул тууралуу билген эмесмин. 2018-жылы 22-январда кадр бөлүмүнө чалсам, “сизди 28-декабрда эле органдан четтетип койгон” дешти. Ошондон баштап эле мен аракет кыла баштадым. Ички иштер министрлигинин тартип комиссия башчысы, генерал майор Сүйүн Өмүрзаковго 23-январда арыз менен кайрылдым. Бир аз убакыттан кийин эле кадрлар бөлүмүнүн башчысы Болот Имангазиевдин атынан, “Сиз өйдөрөөк жактарга кайрылышыңыз керек” деген жооп келди. Анан мен Чүй милиция башчысы Сарчаевге, “мени органдан четтеткен приказды кайра карап бериңиз” – деп кат жаздым. Ал болсо, “мен приказды артка кайтара албайм, Абдыкаровдун көрсөтмөсүнө каршы эч нерсе кыла албайм” – деп койду. Ошону менен беш-алты жолу комиссияга жаздым. Коопсуздук кызматынын башчысы Көчөрбаев, кадрдан Имангазиев экөө окшош эле жоопторду берип коюп жатышты. Андан соң, премьер-министр Сапар Исаковго жаздым, Башкы прокурор Индира Жолдубаевага жаздым. Алар кайра эле ИИМге жөнөтүп коюшуптур. ИИМден Абдыкаровдун “шыпыргылары” – Имангазиев менен Көчөрбаев, “колуңан эмне келди” – деп шылдыңдашты. Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинде “ИИМдеги кадрлар боюнча маселени августтун аягына чейин текшергиле” – деп айткан эле. Мен ошого ишенип, Сооронбай Жээнбековдун наамына кайрылуу жаздым. Ошонун негизинде текшерүү жүрүп баштады. Учурда Жогорку Кеңеште комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын ичинде Абдыкаровдун алайлык тууган депутаттары бар экен. Ошол депутат туугандары учурда Абдыкаровго жардам берип жатышат. Ошону менен депутаттык комиссия да тайсалдатып жатат.

-Абдыкаров эмне себептен сизге өчөшүп калган?

-Кылмыштуулук боюнча иштерди, мыйзамсыз иштерди мен ар дайым бетке айтып келгем. Бул бетке айткан кишилерди аябай жаман көрөт. Мен булардын махинациялык иштерине тоскоолдук гана жаратып келгем. Эки жактан келген кымбат баалуу жол тандабас машинелерди жогоруда сөз кылган Болпонов менен Руслан деген тууганы аркылуу Тажикистанга жиберип турушат. Мен мурда башкармалыктын башчысы болуп турганда, биздин балдар беш-алты жолу уурдалган машинелерди кармаган. Анан Абдыкаров бизге чыкканда коё бербей койгонбуз. Мага өчөшүү мына ушундан башталган. Абдыкаров тууралуу журналистгер жазып жаткан материалдардын баарысы чын. ИИМди жалгыз өзү бийлеп келди ушул кезге чейин. Жалаң өзүнүн кишилерин кызматка койду. Кадр маселесин бүт өзү чечип, бирок министр Улан Исраиловго шылтап коюп кутулчу. Министр кетсе анын ордуна министр болом деп жүргөн. Кыргызстандагы коммерсанттардын баарысына тыңшоо коюп, аларды чакыртып, коркутуп-үркүтүп, “доля” алып турган. “Бител” компаниясынан чыгарып кеткен акчасы, Ысык-Көлдө “Акмарал” пансионатындагы вилласы баары чындык.

-Эмне себептен мунун баарына бийлик реакция жасаган эмес?

-Анткени, бардык кызматкерлер иштен кетип калуудан коркуп эч нерсе ачык айта алышкан эмес. Эгер эртең Абдыкаровду иштен алышса, бир топ чындык ачыкка чыгат. Бир топ кызматкер далилдүү фактылар менен ачыкка чыгышып, Абдыкаровдун мыйзамсыз иштерин ачыктап беришет. Генерал чини да самопал. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда бербей койгон. Анан ал президенттик шайлоого кеткенде, дароо генералды алды. Бул 2010-жылы Талас облустук милициясын башкарып турганда, революцияда балдарды таштап, өзү аялдын көйнөгүн кийип качып кеткен. Эгер Данияр Абдыкаров өзүн чыныгы генералмын деп эсептесе, рапортун жазып кетип калсын!

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: