Menu

Турдали Кожоналиев, Бурулайдын атасы: “Кызым “Ата, бул жигитти жактырбайм, менин өзүмдүн сүйлөшкөн жигитим бар” деген”

Бөлүшүү:

-Турдали аксакал, учурда милициялар окуяны кандай иликтеп жатышат?

– Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев окуяны өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Жыйынтык болуп, күнөөлүү жазасын алат го деген ишенимим зор. Ичимди күйүт басып кыйналып турам. Күнөөлүү сөзсүз жазасын алышы керек. Ал жазасыз калбоого тийиш.

– Кызыңыз бычак сайган жигит менен мурда тааныш беле, ал жигитти сиз таанычу белеңиз?

– Мең баланы сыртынан билчүмүн. Маршрутка айдап, эл ташып иштечү. Ал кызым менен кайдан, кандай таанышканын деле билбейм. Кызым деле аны жакшы тааныбаса керек. Эгер жакшы тааныган болсо, аны биз жакындан билет элек. Анткени кызым бизге болгонун айтчу, бизден эч нерсесин жашырчу эмес. Ал буга чейин кызымды бир жолу ала качып, Суусамырдан мен барып кайра алып келген элем. Ала качкан жигитке кызымдын көңүлү болсо мен каршы болмок эмесмин. Кызым: “Ата, бул жигитти жактырбайм, менин өзүмдүн сүйлөшкөн жигитим бар” – дегени үчүн кызымды жолдон кайтарып алып келип алгам. Кызым университетте жакшы окучу. Медициналык факультетте акушер-гинекология бөлүмүн быйыл бүтүрмөк. Өзү жактырган жигитке кудалашкан элек. Экөө август айында баш кошушмак.

– Окуя тууралуу айтып бериңизчи, кызыңызды ошол каргашалуу күнү айран алып кел деп дүкөнгө жиберген экенсиз…

– Ооба, саат баскырдыкы. Дүкөнгө жибере калгам. Жибербегенде кандай болот эле. Каргашалуу күн 27-май, кечке маал саат 21:00 чамасы болчу. Кызым үйдөн чыгаары менен эле балдар чыркыратып машинеге салып кетишиптир. Көп өтпөй эле артынан кууп жөнөдүм. Тилекке каршы жеткен жокмун. Эмне кылаар айламды билбей, милицияга кайрылдым. Милициялар болуп кубалап, Сокулук району менен Бишкектин чектешкен жериндеги машине сатуучу “Азамат” базарына чейин кууп барып жете албадык. Милициялар Жайыл райондук милициясына кабарлашты. Алар “биз кабарлап койдук, кача албайт” дешти. Ошону укканда бир аз өзүмө келип тынчыдым. Бир маалда эле телефонума бироо чалып, милициядан чалып жатканын, “Сосновка айылындагы посттон балдардын машинесин токтотуп кармашканын, милиция бөлүмүнө келип кызымды алып кетүүм керектигин айтты. Өзүм Бишкектеги “Кудайберген” базары тарапта жашайм. Жайыл райондук РИИБге барганча бир саат өттү. Саат түнкү он экилерде Жайыл РИИБге бардык. Жанымда жубайым жана күйөө балам кошо барышты. Биз менен бирге милициядан 4 опер кызматкери да барды. Опер кызматкерлер “Биз кирип кызыңарды алып чыгабыз, силер сыртта күтүп тургула” – деп РИИБдин имаратына кирип кетишти. Биз аларды түнкү бирге чейин күттүк. Көрсө окуя эчак болуп, кызым көз жумган тура. Мыкаачы бала кызыма үч жолу бычак сайыптыр. Башында көгала болгон тактар бар экен. Дубалды сүздүргөн окшойт. Көкүрөгүнө тамга чийип жазыптыр. Ошонун баары болгончо милициялар каякты карап отурду?

– Кызыңыз менен окуя болгонго чейин телефон аркылуу суйлөшкөн экенсиз, кызыңыз ыйлап жатты беле?

– Ооба, “Ата, келиңиз” – деген. Сураштырсам, кызым мени менен сүйлөшкөндөн кийин эле бычак жеп көз жумган өңдүү.

– Жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер кызыңыз менен сайган баланы тергөөчүлөргө өткөрүп беришкени айтылды го…

– Ооба, алар тергөөчүлөргө өткөрүп беришиптир. Анан тергөөчүлөр кызым менен баланы суракка алышкан экен. Таң калычтуусу эмнеге тергөөчү милициялар балага кармалганда эле колуна кишен салган эмес? Тергөөчүнүн эң чоң күнөөсү ушул. Мыйзам боюнча кишини кармап келген соң чөнтөгүн текшерип, курун, бут кийиминин боосун чечип алышы керек эле. Бала жанына бычак катып кирген экен. Баланы эмнеге текшеришкен эмес. Эмнеге экөөнү бир бөлмөгө камап коюшкан? Бала шектүү болгондон кийин кызым экөөнү бир бөлмөгө камоого уруксат бар беле? Ушунун баарына милициялар жооп бериши керек. Мен милициялардын жооп беришин, күнөөлүүнүн жазаланышын талап кылам.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: