Menu

Amnesty International «Укринмашты» Түштүк Суданга курал жеткирүүгө айыптады

Бөлүшүү:

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Украинанын мамлекеттик компаниясын Түштүк Суданга курал жеткирүү боюнча БУУнун тыюусун бузууга аракет кылган деп айыптады. Уюмдун маалыматы боюнча, “Укринмаш” Түштүк Суданга «миңдеген автомат, миномёт жана башка курал-жарак» сатуу аракетин көргөн.

Маалыматка караганда, «Укринмаш» согуш жүрүп жаткан Африка өлкөсүнө курал жеткирүү тыюусун кыйгап өтүү үчүн 2014-жылы Бириккен Араб Эмирлигиндеги компаниялардын бири менен кызматташкан. Бирок азырынча Түштүк Суданга жалпы суммасы 170 миллион долларды түзгөн келишимде көрсөтүлгөн куралдын бардыгы же анын бир бөлүгү гана жеткирилгени так белгисиз. Эгер куралдын аталган өлкө бийлигинин колуна тийгендиги аныкталса, бул Түштүк Суданда согуш башталган 2013-жылдан берки эң ири курал-жарак жеткирүү боюнча келишимдин ашкерелениши болуп калат.

“Укринмаштын” өкүлү Юрий Кириллич «Азаттыктын» украин кызматына берген маегинде мамлекеттик компания Түштүк Суданга эч кандай курал жеткирбегенин жана андай пландары дагы болбогонун билдирди.

Amnesty International уюму белгилегендей, Украина менен Бириккен Араб Эмирлигиндеги компания куралды жеткирүү үчүн Улуу Британияда каттоодон өткөн анча чоң эмес фирманы колдонууну көздөшкөн. Укук коргоочулар ушул жана бул сыяктуу курал жеткирүү боюнча башка келишимдерге тосоолдук кылуу үчүн Улуу Британия бийлиги эч аракет көрбөгөнүн билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: