«Азаттык» аз күн мурун Оштогу эң көпөстөрдүн бири, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген, бийлигиңди да, укук коргоо органдарын да дүңүнөн сатып алган деп айтылып келаткан Жалил Атамбаевдин көмүскө бизнеси боюнча иликтөө жарыялады. Ал жарым саатка созулган видео-материалдан Жалил Атамбаевдин жомоктогудай байлыгын, сан жетпес компанияларын, миллион эле эмес, миллиарддаган кирешелерин, аны менен бирге салыкка төлөнө турган ондогон миллион каражатын, өзү менен өнөк болгон бизнесмендерге кирешеден бир сом да бербей сыздатканын далилдер менен көрүүгө болот. Экомикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы бул иликтөөдөн кийин териштирүү иштерин баштаганын кабарлады. Бирок Жалил Атамбаевдин богуна курай сая алышаар бекен? Себеби, Жалил милилардердин Сооронбай Жээнбековто таасири атактуу Раим миллиондукунан кем эмес экени айтылып, ажо Раим миллионду кандай жакшы көрсө, Жалил Атамбаевди андан кем эмес жакшы көрөрү тар чөйрөдө талкууга алынып келет.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ