“Азаттык” радиосунун иликтөөсүн ЭлТР телеканалы эфирге чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу кечээ, 4-декабрда өздөрү жазып чыкты.
Алардын айтымында, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” аттуу жаңы иликтөөсүн эфирге чыгарууга ЭлТРге, 4-декабрда 17:54дө жиберген. Эфирге 20:00дө берилмек. Аны чыгаруудан ЭлТР баш тартып коюшкан. Телеканалдын жетекчиси Айбек Мусаев ал боюнча пикирин билдирген. “Бүт баары расмий, бир тараптуу жасалган. Монолог. Алып баруучунун гана монологу. Азыр тергөө жүрүп жатат, ошондуктан биз муну бере албайбыз. Бул менин жеке пикирим. Бизде жамааттык форма бар. Ошол карап, бир тараптуу деп тапты. Силер жибергенден баштап карады”,-деген А.Мусаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ