Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Бизнес-коомчулугун колдоо – агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири”

Бөлүшүү:

Экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүүдө ишкерлердин жардамынын мааниси чоң. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушканда билдирди.

«Дүйнө жүзүндө экономиканын өнүгүүсү үчүн бизнес-коомчулугун колдоо маанилүү ролду ойнойт. Учурдагы экономикалык абалды эске алганда, мындай колдоо биздин өлкөгө дагы керек. Агрардык чөйрө биз үчүн дайыма артыкчылыктуу багыттардан болуп келген жана боло бермекчи. Өлкө калкынын 65%га жакыны айыл жергесинде жашайт, алардын көпчүлүгү дал ушул айыл чарбасы менен жан багат. Бирок мурда тармак ИДПнын 13 бөлүгүн түзсө, азыр көрсөткүчү үч эсе азайды. Көпчүлүк учурда бул дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыктын өсүшү жана айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча жаңы технологиялардын пайда болушунан улам болууда», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн кийинки кадамдарын иштеп чыгуу үчүн бул чөйрөдөгү ири ассоциациялардын өз ара кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Көпчүлүк экологиялык жактан таза продукцияны өстүрүүгө караганда, импорттолуп келген продукцияны сатып алууга артыкчылык берерин тажрыйба көрсөтүүдө. Заманбап трендди эске алуу менен, ата мекендик айыл чарбаны өнүктүрүү керек. Биз аймактарды кластердик багыттар боюнча бөлдүк, буларды жүзөгө ашыруу менен региондордун экономикалык дараметин көтөрүүгө жана айыл элинин жашоо деңгээлин жакшыртууга шарт түзөт. Фермердик чарбалардын  чачыранды жана чакан болушу тийиштүү деңгээлдеги экономикалык натыйжаны бербей жатат. Келечектеги жумуштарды карап чыгып, кеңири масштабдуу иштерди жасоо керек. Буга байланыштуу муну менен биз кооперациялардын өнүгүшүнө жана элеттеги товар өндүрүүчүлөрдү чыңдоого жетишерибизге ишенип жатабыз.  Бул өз кезегинде фермерлер өз продукциясын дүңүнөн сатуу үчүн пайдалуу келишим түзүүнү, атаандаштыкка туруштук берүү, айыл чарбасына керектүү техникаларды алууну жана заманбап техникаларды, анын ичинде жердин бузулушуна каршы иштете тургандарын пайдаланууну шарттайт», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн так планын иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндөгү сунушун колдоду.

«Ата мекендик айыл чарбадагы олуттуу өзгөрүүлөргө карабастан, дагы да жасай турган иштерибиз көп. Биз фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди, лизинг шартында атайын техникаларды берүү менен, аларга активдүү түрдө көмөктөшүүгө аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда биздин алдыбызда ар бир үйдүн дасторкону ата мекендик продукцияларга толуп туруш үчүн биргеликте иш жүргүзүүбүз керек», – деп Өкмөт башчы сөзүн жыйынтыктады.

Маалымдама: «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы» 2019-жылдын август айында түзүлгөн. Ал чийки заттардын базасын, Кыргыз Республикасындагы фермерлердин абалын жакшыртуу жана кыргыз продукциясынын экспорттук дараметин жогорулатуу үчүн кайра иштетүүчү ири ишканаларды бириктирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: