Menu

Өкмөттүн отставкасы бышып жетилдиби?

Бөлүшүү:

Күн өткөн сайын кымбатчылык көбөйүп, ошондой эле экономикада чеке жылытарлык жылыштар болбой, тескерисинче Өкмөттүн өкүлдөрү – министрлер, агенттиктин, департаменттин жетекчилери, ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана башка элге гана эмес өлкөнүн эң жогорку бийлик органы – Жогорку Кеңеште дагы жалган убадаларды берип, калп айтууну адат кылган жоруктары, жоопкерчиликтери, кесипкөйлүктөрү жана компетенттүүлүктөрү начар экенин жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков катуу сындады.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 2018-жылы Өкмөт 29 млн. доллар инвестиция тартылса ар бир облуска 1 млн. 700 миң доллардан гана инвестиция тартылганын март айында Россиянын Президенти экономикалык форумга келгенде колго илээр бир да ири экономикалык долбоор жок экендигин сындап агенттиктин жетекчилигин мектеп окуучуларына теңеди. Ошол эле учурда Өзбекстан инвестиция боюнча 23 млрд. доллардык келишим түзгөнүн эске салды.

Кыргызстанды он жыл бою «бабахандай» башкарып алган Райым Матраимовдун жүздөгөн миллиондогон долларды өлкөдөн чыгарган иштери боюнча укук коргоо органдары чеке жылытаарлык иш жасабады. Буйрутма киши өлтүрүү күч алып, «каралар» баш көтөрүп баштады. Чет өлкөлөрдөгү элчилерде, консулдуктарда тартипсиздик, бардак өкүм сүрүүдө.

Издөөдө жүргөн Саймаити Түркиядагы башкы консул Эркин Сопоковдун унаасын минип жүргөнү анын айкын далили болуп калды.

Ал эми «Өнүгүү прогресс» фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев коалиция жетекчиси Иса Өмүркуловго кайрылып, Өкмөттү отставкага кетирүүнү же коалицияны таркатуу боюнча чечкиндүү кадам жасоого чакырды.

-Иса Шейшенкулович, бул сиздердин коалиция, адам өлтүрүүлөр көбөйдү, жасалма паспорттор чыгып жатат, бюджет толбой жатат, көмүрдүн, ундун басы өсүүдө, аймактардагы шахталардагы өлүмдөр, электр энергиясынын тарифин жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат. Ошол үчүн коалиция чогулуп, Өкмөттү отсгавкага кетиргиле, же өзүңөр кеткиле, башка коалиция куралы – деди.

Иса Өмүркулов болсо Өкмөт өзүнүн милдетин татыктуу тарта албай жатса, коалиция ал сунушту четке какпай турганын билдирди.

Жакында Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков минстрликке дайындалгандан бери ишти өркүндөтпөй эле өксүткөн, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди катуу жемелеп, отставкага кетиңиз десе, Тариел Жоробеков, депутат Гүлкан Молдобекова маданият министринин орун басары, дааватчы инсан Нуржигит Кадырбековдун өтө компетентсиздигин, өзүнүн ордуна ылайык эмес кадр экендигин, алешем ишке жол берген жоопкерсиз мамилесин катуу сынга алышты.

Рыскелди Момбеков жүздөгөн миллион доллардык каражатты өлкөдөн чыгарып кеткен резонанстык ызы-чуусунан улам өлкөнүн күч органдары менен бирге Өкмөттүн отставкасын талап кылды.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында медициналык камсыздандыруу тармагындагы коррупциялык иштер боюнча катуу сын айтып, вице-премьер-миниср Алынай Өмүрбекованын куру дымагын өчүрдү. Баса, Алтынай Өмүрбекова өлкөдөгү региондордун жалпыга маалымдоо каражаттарын реормалайм деп өткөн жылы профилдик комитетте министрдин орун басары Айнура Темирбекова экөө депутаттардын катуу сынына кабылып, абдан уят болушкан эле.

Бирок, быйыл негедир депутаттарга эрегишкенби өткөн жылы Жогорку Кеңештин профилдик комитети кабыл алган чечимди аткарбай, жүз пайыз теңирден тескери – токтомдун чыгышына жол берип, натыйжада 18-ноябрь, 2019-жылы Жогорку Кеңештин профилдик комитети Өкмөттүн, маданият министрлигинин өзүм билемдик аракет жосунун катуу айыптап, сынга алып, чечимдин аткарылышын катуу көзөмөлгө алып, 31-декабрь, 2019-жылга мөөнөт койду.

Конституциялык орган болуп эсептелген Жогорку Кеңештин чечимдерин тоготпой, өзүм билемдик жасап, аткарбаган чиновниктердин кызматтык жоопкерчиликтерин кароо боюнча комитеттин чечими чыкты.

Дагы дурус, Президенттик администрация, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан улуттук журналисттер Союзу, коомчулук жергиликтүү гезиттердин структурасын, кесиптик ишмердүүлүгүн басмырлаган, цензураны орноткон, финансылык, чыгармачылык өз алдынчалыгын жок кылган, терең ойлонулбаган алешем ишке каршы туруп, күрөшүүдө. Таңгалыштуусу аткаруу бийлиги болуп эсептелген Өкмөт өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруучу бийлик Жогорку Кеңешке баш ийбей, тескерисинче эрегишип, тең ата болуп тоңмоюндук жасай баштаганы акылга сыйгыс жорук болууда.

25-ноябрда өлкө борбору Бишкек шаарында миңдеген адамдар катышкан чоң митангде «Уурулар түрмөдө», «Раим камалсын», Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү кадамдарды жасасын» деген ураандар, чакырыктар айтылды.

Алар өлкө башчысынын коррупцияга каршы күрөшү чечкиңдүү жүргүзүүнү, Өкмөттү отставкага жиберүүнү талап кылышты.

Өкмөт башчысын да бул багытта чечкинсиз аракеттерин катуу айыпташты.

Экс-президент Роза Отунбаева ар дайым «социалдык жарылуу атом бомбасынан да коркунучтуу» деп айтып келгени эске түшөт. Демек 30 жылдан бери эле өлкө бюджетинен жүз миллиондогон, миллиарддаган каражаттар уурдалып келаткандыгы Райым Матраимовдун мафиялык пирамидасынан чыккан чуулуу окуядан улам айкын болуп өлкө элин кыжырдантууда.

2010-жылдан бери он жыл бою анын финансылык «айсберги» азыр гана кылтыйып көрүндү.

Козубек Иманкулов

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: