Menu

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер бюрократияны жоюу боюнча окутуулардан өтүшөт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда президенттин алдындагы башкаруу академиясы мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен кызматкерлерине бюрократияны жоюу боюнча окутууларды өткөрөт. Тиешелүү токтомго өлкө башчы Шавкат Мирзиёев кол койду.

— Анализ көрсөткөндөй, мамлекеттик мекемелер менен уюмдарда иштин эскирип калган бюрократиялык ыкмалары дале болсо колдонулуп келет. Аларда заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү өтө төмөнкү деңгээлде. Практика жүзүндө мааниге ээ эмес кеңешмелер менен жыйындар көп өткөрүлөт, — деп жазылган документте.

Токтомго ылайык, окутуулардын программасы эки айдын ичинде иштелип чыгышы керек. Анда мамлекеттик кызматкерлерге убакытты туура колдонуу технологиялары, бюрократияны жоюу, кагаз жумуштарын азайтуу жана жыйындарды өткөрүү практикасы окутулат.

Документте белгиленгендей, мамлекеттик кызматкерлер бул окутууларга милдеттүү түрдө катышуусу керек болот.

Курстардын чыгымдары бюджеттен тышкаркы каражаттардын, анын ичинде мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардын жана кызматкерлери курстарга катышкан мамлекеттик мекемелердин эсебинен жабылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: