Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын чыгармачыл жамааты залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн жана алп акын Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүн эскеришет. Ошондой эле Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыялаган китеп окуу жумалыгын колдоо максатында Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан көркөм окушуп, эки залкардын сөзүнө жазылган обондуу ырларды аткарышып, үзүндүлөрдү ойноп көрсөтүшөт. Бул тууралуу иш чаранын режиссёру Курманбек Ниязбеков бизге кабарлады.
Иш чара 12-декабрь саат 14:00 дө Баткен театрынын сахнасында болот. Каалоочуларга эшик ачык, кирүү акысыз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ