Menu

Султан Раев, Кыргыз эл жазуучусу: “12-декабрды Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнү катары калтырып, Адабият күнүн 21-мартка жылдырып, башка залкарларды да эскерели”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-декабрда, Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда бүгүн жарык дүйнөгө келген залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана ушул күнү көз жумган айтылуу акын Алыкул Осмонов эскерилип, Адабият күнү белгиленди.

Мындай иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышмак болгонун, чет өлкөдө иш сапары менен жүргөндүктөн келе албай калганын президенттин кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев түшүрдүрүп, президенттин куттуктоосун окуп берди. Андан кийин, Жазуучулар союзунда алгылыктуу иш-чаралар жүрө баштаганын, союздун жетекчиси Нурлан Калыбеков жакшы иштеп жатканын баса белгилеп, ар бир чыгармачыл уюмга жылына 2 миллион сомдон 3 миллионго чейин мамлекеттик грант бөлүнөөр алдында турганын сүйүнчүлөдү. Мындан сырткары, ал жазуучулардын кайрылуусу боюнча, 12-декабрды залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнү катары калтырып, Адабият күнүн 21-март – улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө которуу сунушталганын жана аны туура көрүп, колдоорун айтты. “Бул күндү башка күнгө жылдырып жатканыбыздын себеби, бул күнү Чыңгыз Айтматовду гана эскерип, калган залкар жазуучулар жана улуттук адабияттын көйгөйлөрү айтылбай калат экен. Адабият күнүндө адабияттагы көйгөйлөрдү айтып, башка да залкарларыбызды эскерсек жаманбы?”,-деди.

Спикер Дастан Жумабеков өзүнүн ордуна чабарман жиберген экен, ал куттуктоосун окуп берди. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да келген жок, анын орун басары Кайрат Иманалиев келип, анын куттуктоосун окуп, өзү да куттуктап, иш-чараны аягына чейин алып барды. Ал коомдук ишмер, мурдагы спикер Абдыганы Эркебаевди трибунага чакырды.  Ал чыгармачыл адамдарды Адабият майрамы менен куттуктап, Жазуучулар союзу башынан кыйынчылыкты өткөргөнү менен жок болуп кетпей, 85 жылдыгын белгилеп жатканына кубанып жатканын айтты. Аягында Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков сүйлөп, иш-чара аягына чыкты. Көрүүчүлөргө майрамдык концерт тартууланды. Концерттен кийин, акын, жазуучулар майрамын кафеде улантты.

Эске сала кетсек, “12-декабрь – Улуттук адабият күнү” деп белгилөөнү 2011-жылы маркум Эгемберди Эрматов сунуштаган. Ошол жылдагы ЖК депутатынын сунушу кабыл алынып, токтом долбоору жактырылып, ошол эле жылы Өкмөттүн чечими чыккан. Ошентип, сегиз жылдан бери, жыл сайын бул күн –  Адабият күнү катары белгиленип келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: