Menu

“Айтматов жөнүндө сөз: улуу инсан жана коомдук ишмер” деген эскерүү кече өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов жөнүндө сөз: улуу инсан жана коомдук ишмер” деген аталыштагы эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу ИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү кече Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.А. Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен уюштурулган.

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР Президентинин кеңешчиси С.А. Раев, КР Жогорку Кеңешинин, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, академиктер, жалпы эле чыгармачылыгына таазим кылган замандаштары катышып, Улуу инсан жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерип, ой-бөлүшүштү.

Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн Инсан. Бул адам күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын бизге, коомго, окурмандарга берди. Айтматов гениалдуу улуу талант катары дүйнөлүк маданиятты өзүнүн жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө трансформациялап, чыныгы таза интеллекти менен дүйнөнүн интеллектуалдык элитасынын өкүлү катары, көптөгөн абройлуу эл аралык коомдук уюмдар менен тыгыз иштешип, айрым учурларда жетекчилик милдетти да аркалап келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: