13-17- декабрь күндөрү Кино үйүндө атактуу жазуучубуздун чыгармаларына тартылган классикалык тасмалар көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынын Айтматов таануу бөлүмүнөн билдиришти.
Ачылышына чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, кино менен театрдын ишмерлери катышты.
Кирүү акысыз. Келгиле, эски тасмаларды көрүп, жан-дүйнөбүздү бир тазартып алалы.
«Саманчынын жолу» (1967) | Геннадий Базаров | 14-декабрь – 14.00 |
«Бег иноходца» (1968) | Сергей Урусевский | 14-декабрь – 15.30 |
«Жамиля» (1968) | Ирина Поплавская | 15-декабрь – 14.00 |
«Эрте жаздагы турналар» (1979) | Болот Шамшиев | 15-декабрь – 15.30 |
«Зной» (1963) | Лариса Шепитько | 16-декабрь – 14.00 |
«Биринчи мугалим» (1965) | Андрей Кончаловский | 16-декабрь – 15.30 |
«Акбаранын көз жашы» (1989) | Дооронбек Садырбаев | 17-декабрь – 14.00 |
«Я — Тянь-Шань» (1972) | Ирина Поплавская | 17 -декабрь – 16.30 |
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ