“Жаңы ысымдар” аттуу театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, “Жаңы ысымдар” аттуу театр фестивалы студенттер арасында өтөт. Ал иш-чара 17-декабрда башталып, 20-декабрда жыйынтыкталат. 17-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ