“Тогуздан кийинки эгиздер” даректүү тасмасы Стамбулда (Түркия) өткөн “Келечектеги коммуникаторлор” эл аралык кинофестивалында байгелүү орунга ээ болду.
Фильмдин автору жана режиссёру Лунара Жээнбекова, оператору – Хамир Сыдыгалиев, үн режиссёру – Марат Эргешов, монтажчысы – Марат Эргешов жана Лунара Жээнбекова.
Көркөм жетекчиси жана продюсери – Молдосейит Мамбетакунов.
Өндүрүү – КТУ “Манас”, 2020, 14 мүнөт, 12 секунд.
Тасма Кыргызстандын алыскы аймагындагы айылдагы чоң үй-бүлөнүн жашоосу жөнүндө баяндайт. Режиссер тоолорго суу алуу үчүн бир саатка кеткенде жана жакынкы шаарга автобус шейшембиде гана каттай турган шартта үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк жашоосун көрсөтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ