Бүгүн, 24-ноябрда 78 жаш курагында Кыргызстандын гимнинин текстинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактарда билдиришти.
Шабданбек Кулуев 1942-жылы Жумгал районунда туулган. Ал көп жылдар бою билим берүү жаатында эмгектенип, журналистика менен да алектенип, ыр жазган. Ушул жылдар аралыгында “Билим берүүнүн отличниги”, “Эмгектин ардагери” медалдары менен сыйланган. Ошондой эле ал Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын гимнин текстинин авторлорунун бири. 1994-жылы “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер”, 2011-жылы билим берүү тармагында көп жылдык эмгеги үчүн “Эл мугалими” наамын алган.
Анын кызы Элнура Кулуева журналист жана кыргыз маданиятын жайылтуу боюнча бир нече ири долбоорлорду ишке ашырган, атап айтканда, Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуу рекордун Гиннес китебине киргизүү боюнча долбоордун уюштуруучуларынын бири.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ