Эгер колубузду көкүрөккө коюп, акыйкатты айта турган болсок, эгемендүү Кыргыз мамлекетинин суверенитетин Жусуп Абдрахмановсуз элестетүү деги эле мүмкүн эмес! Анын Кыргыз Улуттук Мамлекеттүүлүгүнүн жаралышындагы зор салымын унутууга эч болбойт! Кеменгер жөнүндө бүгүнкү жол башчыларыбыз ар убакта ооздорунан түшүрбөшү керек! Керек болсо анын баскан жолу бала бакчадан Жогорку окуу жайларына чейин окутулушу керек эле. Тилекке каршы андай болбой жатат!?
Эгерде Жусуп Абдрахманов 1922-жылы Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча эң алгачкылардан болуп демилге көтөрбөгөндө, 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусун түзүү иштерин чын дилинен жетектебегенде, ошондой эле Москвадагы лөктөргө Кыргыз АССРине Союздук Республика статусун берүү максаттуу жана да зарыл экендигин ар тараптан бир нече ирээт негиздеп бербегенде, мына ушундай ат көтөргүс эмгектин натыйжасында өлкөбүз Союздук Республика катары статуска ээ болуп, 1991-жылы эч кандай саясий чайпалып, кан төгүлүүсүз Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгын жарыялоонун укуктук негизи боло алат беле???
Жазганбыз, дагы да жаза беребиз, Жусуп Абдрахманов каары жанды жалтантып турган Сталиндик доордо, көз караштардын кызыл кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан чындык, элинин эркиндиги үчүн жанын да аябай эмгектенген. 1927-жылы март айында жаңы түзүлгөн Кыргыз автономиясынын Эл комиссарлар Советинин төрагалыгына дайындалганда болгону ал 26 жашта гана болгон.
Каардуу 1930-33-жылдардагы бүтүндөй совет аймагын каптаган ачарчылыкчы? Ошондо Кремлден ар бир чөлкөмдөн бардык дан азыктарын борборго жөнөтүү тапшырмасы берилгенде кеменгер Жусуп «андай кылсам элим ачарчылыктан түгөлү менен кырылып калат”-деп башка аймактын жетекчилеринен айырмаланып, жападан жалгыз Сталиндин ал буйругун аткаруудан баш тарткан. Жалпы элинин өмүрү үчүн өз өмүрүн канжыгага байлаган мындай эрдикке кайсы жетекчибиз бара алат?! Ошондон көп өтпөй ал ар кандай шылтоолордун негизинде камалган, кийин атылган…
Ошол каардуу мезгилде Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ары жак-бери жагы жалаң ачкачылыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткенин акын, улуу инсан Кубанычбек Маликовдун аңгемелеринде жазылып турат. Эми карап көрүңүз, ошол эле казак окумуштуусу Макаш Татимов бул ачарчылыкта (анда, 1930-жылы) казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ошолордун 2 миллионго жакыны же жалпы казактардын 49 пайызы ачарчылыктан каза болгонун эсептеген. (М. Б. Татимов “Социальная обусловленность демографических процессов”. Алма-Ата 1989-г. 122-124 стр.) Кошуна боордош казак элинин мындай трагедиялуу тагдыры кыргыздарга да келиши толук мүмкүн эле. Жогоруда айттык го, Ж. Абдрахманов жалпы элин ачарчылыктан сактап, 20 -кылымдын биринчи жарымында Үркүндөн кийинки экинчи жолу көпчүлүктүн жок болуп кетүү коркунучунан алып калган! Ошол эле учурда биздин аймакка ачкачылыктан каптап келген казак элинин да далайы камкордукка алган! Мындай баатырлык жүрөгүндө жалы, көзүндө оту, мээсинде акыл-эси бар, эл үчүн жанын аябаган инсандын гана колунан келет! Ошондуктан Казакстандын Эл акыны Мухтар Шаханов кезинде: “Казакка, кыргыздай дүйнөдө бир да эл күйгөн эмес” деп бекеринен чыркыраган эмес чыгаар. (Ошол согушсуз ачкачылык алааматында Украина 7 миллиондон ашык элинен ажыраганы туурасында советтик белгилүү журналист А. Гинсбургдун жазганы бар.)
Мына, жакында эле ноябрдь айынын башында Казакстанда Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргыздын уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу сунушталды. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыкты.
Андагы маалыматта 1936-1938- жылдары Сталиндик репрессияга 110 миңден ашуун казак жарандары туш болуп, анын 25 миңден ашууну атууга кеткени, ошол учурда республиканы Левон Мирзоян аттуу адам башкарып турганы айтылып, эми Казакстандагы Левон Мирзояндын эстелигин алып, ордуна 1930-жылдары казак баурдастарга колдоо көрсөткөн кыргыздын уулу Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу сунушталып жатканы, ошондой эле кайсы региону болсо да андагы көчөлөрдүн бирине кеменгер Жусуптун ысымын бериш керектиги айтылат.
Не дейли, алсыз урпактарыңды кечир, Кеменгерим! Баркыңды башкалар түшүнүп жатат. Кезинде, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу маркум Насирдин Байтемиров даана баамдаганындай “Кыргыздарга өткөндө кут эки жолу түшкөн дешет. Биринчи кут –Жусуп Абдрахманов болсо, экинчи кут- Исхак Раззаков болуп түшүптүр. Бирок, түшкөн кутту Кут сыяктуу күтө албаптырбыз»… Менимче, дагы деле…
Кенжебек Арыкбаев
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ