Menu

Камила Талиева, экс-министр: “Саясатта активдешкенди, чегингенди да билүү парз”

Бөлүшүү:

— Камила эже, сыр болбосо, азыр кайсы саясый күчтөр менен иштешүүгө ниетиниз бар? Же сиздин чатак мүнөзүңүздөн улам башкалар чочулайбы?

— Менин сиз айткан чатак мүнөзүм – бул бурмалабай, болгонун болгондой түз бетке айтканым болуш керек. Аткаруу бийлигинде көп убакыт иштеген жетекчи дайыма биринчи орунга жыйынтыкты коет эмеспи. Талапты өзүнө, анан калган кызматкерлерге коюшуң, сени чатак киши кылып мүнөздөп коет. Элдин жүгүн аркалаш оңой эмес да. Жоопкерчилик деген бар. Сиз айткан чатак мүнөзүмөн чочулаган кишилерди деле билбейм. Досторумдун баары эле мени “өтө ак көңүлсүң” деп баалашат… Ал эми саясый күчтөр менен иштешүү жагы сыр деле эмес. Сүйлөшүүлөр болууда. Ар кандай саясый партиялар менен, анын ичинде жаштардан команда түзүп, партия түптөө боюнча да кызуу иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы айларда белгилүү болуп калат го. Саясатта белгилүү бир учурларда чегине да, активдүү катыша да билиш керек. Азыр “бүт мүмкүнчүлүгүмдү элге жумшасам” деген аруу тилектер менен кыргызыма кызмат кылууга ниеттенип турам.

— Жогорку кызматтарда жүрүп кетирген катачылыктарыңыз болдубу?

— Иш болгон жерде сөзсүз катачылык болот. Иштебеген кишиде катачылык да болбойт. Ошол катачылыктын үстүндө иштөө, өткөндөн сабак алуу – бул прогресс. Өз кемчилигин сезбеген, өзүнө сын көз менен карабаган инсан – коомдо өз ордун да таба албасы айдан ачык.

Бүгүнкү күндө жүрөгүңүздү өйүгөн эл ичиндеги кандай көйгөйлөргө токтолот элеңиз?

— “Айта берсең арман көп” дегендей, баш-аягы жок, учу-кыйыры эсепсиз эле маселелер, кайсы бирин айтайын? Албетте, окумуштуу катары, социалдык тармакта көптөн бери эмгектенген ишмер катары элдин көйгөйлүү маселелери мени да түйшөлтөт. Билим берүүдөгү бүгүнкү алешемдиктер, болуп көрбөгөндөй коррупция, министрликтин чалагайым чала саясаты кооптонтот.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: