Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Япониянын борбору Токио шаарындагы Акасака концерт залында маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Япониядагы Кыргызстандын элчилигинин демилгеси менен ТҮРКСОЙ тарабынан өткөрүлдү. Ага Кыргызстандан президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Касеинов жана бир катар өлкөлөрдүн Япониядагы элчилери катышты.
С.Раев концерттин башында сөз сүйлөп, Ч.Айтматовл өзүнүн жеке рухий галактикасын түзө алгандыгын, анын негизги өзөгү – инсандын өз алдынчалыгын, оригиналдуулугун «универсалдаштыруудан» коргоп калуу аракети болгонун эске салды.
Концерттик программада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Башкыртстан, Тыва, Хакас, Гагаузия жана Саха (Якутия) элдеринин музыкалдык жана элдик бий чыгармалары аткарылган. Ошондой эле, бул иш-чаранын алкагында Айматовдун чыгармачылына байланыштуу сүрөттөр да көрсөтүлдү.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ