Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери оор абалда калган жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында “Камкордук” деген аталыштагы рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
«Рейд учурунда милиция кызматкерлери 5 айлык баласы менен батирде жашаган аял ичимдик ичип, өзүнүн энелик милдеттерин так аткарбагандыгын аныкташкан. Ал эч жерде иштеген эмес, жана милиция кызматкерлери барган учурда да мас абалда болгон. Алар ымыркайды энесинен алып, Жайыл районундагы аймактык ооруканага жеткиришти»,- деп билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ