Menu

Садыр Жапаров, экс-депутат: «Мегакомдун» иши боюнча жыйырмага жакын чиновниктер камалыш керек»

Бөлүшүү:

 

Ырынан чыры көп болуп, саясий теманын негизин түзүп калган “Мегаком” тууралуу ар түрдүү сөздөр көп. Уюлдук компаниядан бир нерсе өнөп калсак деген адамдардын да уюгу ушул жерде экени барган сайын ачыкка чыгып жатат. Өкмөт “Мегакомду” ачык аукционго алып чыгып, сатып алчу кардар таппай убара. Багы ачылбаган “Мегаком” үчүнчү ирет сатыкка коюла турган болуп, баштапкы баасы 1 млрд сомго төмөндөдү. Азыр чет элде жүргөн Садыр Жапаров 2010-жылдан кийин депутат болуп турганда ушул уюлдук компаниянын тегерегинде иликтөө жүргүзүп, ошондо эле көп фактыларды айтып чыккан экен. Анда анын сөзүнө эч ким кулак салган эмес. Бүгүн анын айтканы чындыкка дал келип туру.

— Садыр мырза, сиз “Мегаком” боюнча кенен иликтөө жүргүздүңүз эле. Эл билбеген кандай махинацияларга күбө болгонсуз?

— Ооба, 2010-жылкы ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөттөгүлөр “Мегакомду” экиге бөлүшүп, 49 пайызын дароо улутташтырышып, 51 пайызын чөнтөк кызыкчылыктары үчүн жең ичинен сатып жибергенге аракет башташкан. Алар үч топ болушкан. Биринчи топ ошол мезгилдеги президенттин тобу, экинчи топ премьер-министрдин тобу, үчүнчү топ парламенттин тобу. Үчөө үч башка тарапка сатабыз деп аракет кылышкан. Ар бир топтун сатып алуучу кардарлары ар башка тараптар эле. Бир күнү эле кандайдыр бир жолдор менен “Мегакомдун” бир топ кагаздары менин колума тийип калды. Терең изилдеп чыгып, сессияда көтөрүп, баардык кагаздарды 120га көбөйтүп, депутаттарга таратып салдым. Президентке да, премьер-министрге да, спикерге да “Мегакомду” толук мамлекетке алгыла, сатпагыла” деп айттым. Ошону менен бир топ убакытка чейин сатылбай токтоп турду. Кийин байкасам сот аркылуу сатканга аракет кылып башташыптыр. Дароо эле сотторду чакырып алып дагы айттым. Кимде ким “Мегакомдун” 51 пайызын башка бир мамлекеттин олигархына берилсин деген чечим чыгарып берген болсоңор, 20 жылдан кийин да жооп бересинер, өзүңөр камаласыңар деп аларга да бирден копия бердим. Ошону менен 2014-жылга чейин бир дагы сот карабай келди. 2014-жылы айлалары жок 51 пайызы дагы мамлекетке өтсүн деген чечим чыгарышты. Бүгүн “Мегаком” 100 пайыз мамлекеттики болуп турат.

— Эмил Каптагаев 100 пайыз улутташтырууга каршы болгон деген элеңиз. Ошол киши жалгыз эле ошондой чечимге келет беле?

— Жок. Ал киши жалгыз андай чечимге келе албайт эле. Ал киши президенттик топко көз каранды гана чиновник болгон.

— 15 млн доллар алып алышкан деп айткансыз. Кимдер кимден акча алышкан?

— Ар бир топ ар кандай суммада соодалашуу жүргүзүп жүрүшкөн. Бул сумма үчүнчү топтун кызыкчылыгы болчу. Калган эки топтун кызыкчылыгы канча сумма экенин айта албайм. Эгер комиссия түзүп, баарын иликтеп чыксам, анда эки топтун да канча суммада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билип коюш оңой эле болмок. Тилекке каршы комиссияга башка депутатты төрага кылып шайлап коюшкан.

— Орустардын кандай кызыкчылыгы болгон?

— Алардын кызыкчылыгы “Мегакомду” толук сатып алыш болгон. 51 пайызын мына ушундай жолдор менен алса, калган 49 пайызын биздин өкмөт жүз миллион долларга сатмак. Ортолорунда ушундай жашыруун келишим болгон.

— Бүгүн “Мегакомду” 13 млрд сомго баалап аукционго коюп жатат. Бул компания дагы сатылышы керекпи?

— «Мегакомду» сатуу бул чыккынчылык! Эл душманы гана сатат. “Мегаком” “Кумтөрдөн” кийинки эле салыкты ири суммада төгүп, өнүгүп жаткан мекеме. Жылдык салыгы 4,5 миллиард сомго чейин жеткен. Азыр эми аны атайылап банкрот кылып атышат. Аукционго койсок клиент чыкпай жатат деген шылтоо менен баасын дагы 1 миллиард сомго ылдыйлатышты. Кыскасы илгерки алып койгон акчаларын актап, карыздарынан кутулуш үчүн эптеп инвестор аттууга сатып жибериш болуп атат.

— Текебаев дагы ушул компаниянын тегерегиндеги чуудан кийин камакка алынды. Сиз иликтегенде ал кишинин орус ишкеринен акча алып, компанияны алып берүүгө жардам берери аныкталганбы?

— Мен толук иликтей алган эмесмин. Себеби, комиссиянын төрагасы башка болгон. Бирок Текебаев орус ишкери менен соодалашып акча алган дегенге ишенбейм. Текебаевди камаш үчүн эле тапкан шылтоосу ушул болду окшойт. Эгер чындап эле күнөөлүүлөрдү камай турган болсо анда баарын камаш керек. Бул иш боюнча жыйырмага жакын чиновниктер камалыш керек.

— «Ата-Мекендин” 3 депутатын “Southfild Management” компаниясына 51 пайызын алып берүүгө аракет кылган деп айыптап жатышат. Ошол компания тууралуу сизде толук маалымат барбы?

— Бул компания жанагы үч топтун бирөөсү менен соодалашып жүргөн компания болчу.

— Үч топтогу адамдардын аттарын так эле атап койбойсузбу?

— Ал үчүн комиссия түзүлүшү зарыл. Мен комиссиянын башчысы болуп барып, “Кумтөрдөй” кылып толук текшеришим, далилдерди жыйнашым керек. Андан кийин анан атасам туура болот. Азыр атап койсом четинен сотко берип жатып калышат да. Кана далилдериң дешип. Мен далилдерди жыйнаганча төөнүн куйругу жерге тийет. Себеби, мен азыр эч ким эмесмин. Мага эч ким өз убагында жооп берип, кагаздарды беришпейт.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: