Menu

Улан Примов, ЖКнын депутаты: “Кылмыштуу топтун адамдары шаар аралап жүргөн жок”

Бөлүшүү:

– Улан мырза, кыргыз сотунун 95 жылдыгы белгиленип, анда президент Жээнбеков катышып, тармактагы аксап жаткан жагдайларды атады. Тармакка былтыркыга салыштырмалуу көп каражат бөлүнгөнүнө карабай, реформа ойдогудай ишке ашпай, алдыга жылбай жатканын белгиледи. Сиздин оюңуз кандай бул багытта?

– Президент Сооронбай Шарипович өз оюн айтты. Тармактагы иштердин араң жан жүрүп жатканына нааразы болду. Мен да кошулам буга. Анткени, ооба, реформа жасоого бюджеттен миллиондоп каражат бөлүндү. Шарттар толук кандуу түзүлдү. Соттор адилеттүү болсо, коом адилеттүү болот, мамлекетке, бийликке болгон элдин ишеними артат, баары ишенет. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатат.

– Сапар Исаков баш болгон ТЭЦтин айланасындагы коррупцияда айыпталып камалгандар, алардын жакындары дагы сот тармагына, айрыкча азыркы иштеп жаткан сотторго нааразылыктарын айтышууда. «Чечимдер туура эмес чыкты» дегенге кошуласызбы?

– Азыркы иштеп жаткан соттордун дээрлик көбү мурдагы эле бийликтин тушунда иштеген соттор. Аларды «мурда башкача чечим чыгарып, азыр башкача чыгарып жатат» дегенге болбойт. Ал эми ТЭЦ иши боюнча 10-15 жылга эркинен ажыраткан чечимдерге нааразы болушкандар кийинки инстанцияга даттанышса болот. Анткени, бул чечим 1-инстанциянын гана чечими.

– ИИМ өткөндө эле «Кыргызстанда ОПГ жок» деп билдирүү тараткан. Бирок, эки күн мурда шаарда кылмыштуу дүйнөнүн адамдары (!) делгендердин ортосунда атышуу болду. Акыркы учурларда адам өлтүрүү, атышуу күчөп жатканы эмнеден улам дейсиз?

– «Кылмыш дүйнөсү баш көтөрдү», «кылмыштуу топтун адамдары шаар аралап жүрөт» деген маалыматтарга кошулбайм. Жөн эле айтылган сөздөр. Бирок, ошол эле учурда «ОПГ жок» дегенден да алысмын. Министр Кашкар Жунушалиев айткандай, үч топ бар. Ошолордун ортосунда мезгил-мезгили менен тирешүүлөр болуп турат. Аларды болтурбоого, мыйзам чегинде аларды жоопкерчиликке тартууга биздин тийешелүү кызматтар иш жүргүзүп турушу керек.

– Негизи эле укук тармагынын ишине купулуңуз толобу? Кандай иштеп атышат?

– Жакшы да, жаман да иштешкен жок.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: