Menu

Айрым жол эрежесин бузгандарга айыппул арзандатылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш Тартип бузуу жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизип, жол эрежесин бузгандарга айыппулду арзандатты жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлдү. Бул мыйзамдарды парламенттин депутаттары бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты.

Ал мыйзам долбооруна ылайык, жасалма номер тагып жүргөн айдоочуларга мындан ары 20 миң сом айыппул салынат.

Ал эми:

– жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар;

– автоунааны туура эмес жерге токтоткондор;

– машинелердин ортосундагы коопсуз аралыкты сактабагандар;

– жол чыракты карабай айдагандар;

– автоунаадан ашып өтүү эрежесин жана тыюу салынган сигналдарды колдонуу тартибин бузгандар 3000 эмес, 1000 сом айып төлөй баштайт.

Эми бул мыйзам долбооруна президент кол койгон соң күчүнө кириши керек.

Быйыл 1-январдан тартып Тартип бузуу жөнүндө кодекс жана Жоруктар боюнча кодекс күчүнө кирип, жол эрежесин бузгандарга айыппул көбөйтүлгөн.

Бул чаралар боюнча нааразы болгон жарандар акцияга чыгышкан. Өкмөт Жогорку Кеңеште айыптардын суммасын азайтуу боюнча демилге көтөргөн.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: