Menu

Мамлекеттик салык кызматы 9 айда салык төлөмдөрүн тапшырбаган 36 миңден ашык фактыны аныктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 9 айында салык төлөмдөрүн тапшырбаган 36 миң 841 салык төлөөчүнү аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салык төлөбөгөндөр 8 миң 496 юридикалык жак, 10 миң 330 жеке ишкер, 2 миң 718 дыйкан (фермердик) чарба жана 15 миң 297 жеке жак.

Ошондой эле бул мезгил аралыгында салык органдарынан каттоодон өтпөгөн 18 миң 465 ишкердик субъект аныкталган. Алардын ичинен 2 миң 324 юридикалык, 7 миң 712 жеке ишкер, 3 миң 339 дыйкан (фермердик) чарба жана 5 миң 90 жеке жак. Мындан тышкары, 7 миң 332 ишкер, анын ичинен соттун чечими боюнча 2 миң 118 субъект жоюлган.

Бул иш-чаралар экономиканын көмүскө секторунда иш жүргүзгөн чарба субъекттердин салык төлөөдөн качуу фактыларын табуунун, ошондой эле жалган ишкердикке каршы күрөшүүнү күчөтүүнүн алкагында жүргүзүлдү.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: