“Сауди Арабия падышачылыгы Рамазан айынын акыркы 10 күндүгүндө дүйнө өлкөлөрүнүн айрым президенттерин умрага расмий чакырган. Алардын ичинде Кыргызстандын президенти да бар экен. Умрасы кабыл болсун!” деген өзбек тилиндеги текст коштолгон видеотасма социалдык тармактарда тарады.
31-майда, Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королдугуна барып, Мекке шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышты. Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өттү.
Биз Президент Сооронбай Жээнбеков 31-майда Меккедеги Каабага зыярат кылган учурунан тартылган видеотасма деп эле түшүндүк.
Ишемби күнү, 1-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасына кайтып келген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ