Бүгүн, 25-июнга карата Кыргызстанда дагы 228 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 113, Чүй облусунан – 24, Ош шаарынан – 32, Ош облусунан – 31, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 10, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 1, Баткен облусунан – 2 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3954кө жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 257 адам;
– Ош облусунда — 410 адам;
– Ош шаарында — 453 адам;
– Бишкек шаарында— 1447 адам;
– Нарын облусунда — 463 адам;
– Чүй облусунда — 526 адам,
– Баткен облусунда — 46 адам;
– Талас облусунда – 38 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 74 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 30 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2112ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 5 адам; Чүй облусунан – 10 адам, Ош шаарынан – 6 адам; Ош облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 6 адам, Нарын облусунан – 2 адам.
Өткөн суткада 1 бейтап оорудан улам каза болгон.
“Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунда 1971-жылы төрөлгөн аял киши каза болду” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 43кө жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ