Menu

Бишкектеги конуштар газдаштырылат

Бөлүшүү:

Сыягы, өкмөт борбор калааны кара тумандай каптаган түтүндөн арылууга белсене киришкен окшойт. Мындай кадамдын бири катары Бишкек шаарындагы бардык 47 конушка газ киргизүү колго алынууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын экологиялык абалы талкууланган отурумда билдирди.

«Бишкек шаарында автотранспорт каражаттарынын көптүгү абанын булганышына алып келүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы республика боюнча 1 миллион 211 миң автоунаа катталган, анын 426 миң 241и Бишкек шаарында. Ошондой эле Бишкек шаарындагы калктуу конуштар жылытуу мезгилинде көмүр колдонгону дагы абанын булганышына алып келүүдө. Буга байланыштуу борбор шаардын конуштарын толугу менен газдаштыруу мезгил талабы»,- деди Боронов.

Ошондой эле ал тиешелуү мамлекеттик органдарга «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен биргеликте Бишкек шаарынын четинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирүүнү камсыздоону тапшырды.

Албетте, аткаруу бийлигинин мындай демилгеси колдоого аларлык. Аба таза болсо, үйүңдө тамак-ашың менен мешиңди кара көмүр болбой көгүлтүр отун менен жылытып, бышырып алсаң сонун дечи. Бирок буга чейин эле болуп келгендей, ошол жолдон үйгө чейин эле болгону 10-15 метрлик аралыкка түтүк орноткондугу үчүн «Газпром Кыргызстан» үй ээлеринен 10-15 миң сом талап кылып, кызыл кулактык кылып жибербес бекен?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: