Чүй облусунун Токмок шаарында бир жигит көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришине заара ушатып жаткан видеотасманы жергиликтүү тургундар таратышты.
Алардын айтымында, анын кылып жаткан жоругу видеокамерага түшүп калган. Видео социалдык тармактарга жайылды.
“Албетте, бардык нерсе болушу мүмкүн. Бирок, кире бериш жерге заара кылуу бул туура эмес. Бул биринчи жолу эмес. Кээде балам менен сейил бакка же көчөгө чыкканда уялып кетем, анткени чоң эле эркектер дарактын түбүнө заара ушатышат. Коомдун маданияты кайда?”, – деп суроо салды жергиликтүү тургундардын бири видеотасмада.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ