Menu

Азамат Жаманкулов: “Маданият жана туризм жаатында кол коюлган документтер Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аталган багыттарда өнүгүүгө дем берет”

Бөлүшүү:

«Маданият жана туризм чөйрөсүндөгү кол коюлган документтер Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы аталган багыттарда өнүгүүгө дем берет», — деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарындагы рамий визитинин алкагындагы Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөсү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Министр БАЭдеги туризм жана маданият чөйрөсүндө жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди. Ал баса белгилегендей, акыркы кезде Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы туризм активдүү өнүгүүдө.

«Fly Dubai авиа каттамдарынын ачылышы менен биздин өлкөгө БАЭден көптөгөн туристтер келет. Мындан тышкары, бул жылы „Air Arabia“ авиа компаниясы Шарджа эмираты жана Бишкек шаарынын ортосундагы туруктуу каттамы ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө үч авиа каттам иштеп жатат, алар 2020-жылдын жай мезгилине чейин аны жумасына жети күнгө чейин көбөйтүүгө убада беришти. Түз авиа каттамдардын көбөйүүсү менен Кыргызстандан Эмираттарга жана БАЭден Кыргызстанга келүүчү туристтердин санын өстүрөт деп ойлойм», — деп белгиледи Азамат Жаманкулов.

Ошондой эле министр эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтык анын ичинде, Кыргызстандын БАЭде жана Кыргызстанда БАЭнин маданият күндөрүн өткөрүү маселелери талкууланганын кошумчалады.

«Мындан тышкары, биз маданият күндөрүнөн да башка түрдүү иш-чараларды өткөрүүнү макулдаштык. Мисалы, өзүнчө чыгармачылык топтор жана жамааттар БАЭде жана Кыргызстанда гастролдо болушат», — деди ал.

Министр 2020-жылы БАЭде ЭКСПО эл аралык көргөзмөсү өтөрүн, ага Кыргызстан дагы катышарын маалымдады.

«Бул көргөзмөгө Кыргызстандын павильону коюлат жана Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт. Анда биздин маданиятыбыз жөнүндө айтып беребиз жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөбүз», — деп кошумчалады ал.

Азамат Жаманкулов ошондой эле араб тарап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын форматын өткөрүүгө абдан кызыкдар экендигин маалымдады.

«2020-жылы Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөндөн кийин, алар жалпы көчмөн элдерди жана көчмөн өлкөлөрдүн маданиятын бириктирүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунушташты. Биз бул багытта алар менен мындан ары кызматташабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин БАЭге расмий визитинин алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда маданият жана туризм жаатында өз ара кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: