Menu

Ош ОИИБ: «Видеодогу келин балдарынын атасына болгон сагынычын тартып алган, урган эмес. Үй-бүлөнү бузуу үчүн бирөө жарыялаган»

Бөлүшүү:

Балдарын аеосуз сабаган Өзгөндүк келин балдарын сабаган эмес, балдары ызаланып, ыйлаган учурун апасы видеого тартып алган. Бул тууралуу ОШ ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда билдирди.

Милициянын маалыматы төмөндөгүдөй:

Видеодогу келин Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү 1989-жылы туулган К.М. экени такталды. Видео ушул жылдын ноябрында Москва шаарында тартылган. Андагы келин учурда күйөөсү жана балдары менен ынтымактуу жашап жатат. Ал эми видеонун тарыхы такыр башкача. Сабалды делген балдардын атасы бир топ жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн, балдары атасын сагынып, ыйлашчу. Андан сырткары, ар кандай ушактар айтыла бергендиктен, балдары ага ызаланып, ыйлаган учурун апасы видеого тартып алып, күйөөсүнө жөнөткөн. Андан кийин атасы үй-бүлөсүн Москвага чакыртып алган. Үй-бүлө 8-ноябрдан тарта Москва шаарында чогуу жашап жатат. Ошондой эле видеону интернетке жарыялаган адам үй-бүлөнүн ынтымагын бузуу үчүн таратканы тастыкталды”,- деп жазылат милициянын маалыматында.

Эске сала кетсек, кечээ, 12-ноябрда, белгисиз бир аял балдарын сабап, кичинекей уулун башка, көзгө ургулап, бетин апчып алып, соткасынын камерасынын алдына сүйрөп келип, “чакыр атаңды!”,-деп кордоо көрсөткөн видео социалдык тармактарга тарап. коомчулук ал келинди тезинен таап, жоопко тартылышын талап кылышкан жана кылышууда.

Бүгүн, 13-декабрда ал келинди милиция издеп жатканы белгилүү болгон. Ушул эле күнү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ИИМ менен биргеликте иш алып барып жатканын маалымдаган.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: