Menu

Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу УКМКга эки адам суракка чакырылды. Алар кимдер?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрда УКМКга Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы кызматкерлери Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбеков суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМК  билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбековду Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу  суракка чакырылган. Ошондой эле ЖМКнын өкүлдөрү (журналист А.Токтакунов менен Ы.Исаков жөнүндө сөз болууда, алар учурда Прагада – авт.) да суракка чакырылат жана алар Кыргызстанга келсе алардын жана жакындарынын коопсуздугуна кепилдик берилет.

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. 12-ноябрда Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин Түркиянын ММКлары жазып чыккан. Биздин Тышкы иштер министрлиги  13-ноябрда “Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген. 14-ноябрда, Мамлекеттик каттоо кызматы  да Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эместигин жана аларга паспорт берилбегенин айткан. 16-ноябрда Саймаитинин өлүмүнө шектелип төртүнчү шектүү кармалганы маалымдалган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: