Учурда Орусиянын Белоярск шаарында бокс боюнча турнир өтүүдө. Кыргызстандан барган 28 жаштагы мушкер Азат Үсөналиев кечээ, 13-декабрда Орусиялык мушкер Расул Жааев менен беттешип, аны утуп, финалга чыккан. Ал бүгүн, 14-декабрда Эквадордун мушкери Луис Дельгадо менен алтын медаль үчүн беттешет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ