Келе жаткан жылы UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Кэтлин Чукагян менен беттешип, Кыргызстандын наамын коргойт. Мелдештин уюштуруу иштеринин алкагында, эки мушкер Шевченко менен Чукагян алдын ала жолугуп, көз караштар таймашында болду.
Эки мушкердин көз караш жолугушуудагы видеону Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Instagram баракчасына жарыялады.
Эске салсак, беттеш 2020-жылдын 8-февралында Хьюстондогу (АКШнын Техас штаты) UFC 247 турниринин алкагында өтөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ