Menu

Айданбек Акмат, журналист: “Соросчулардын “дубинасы” Дубновго жооп…”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы музейде аялдардын жылаңачтануусун жана түрдүү сөздөр жазылган (абортко укугум бар ж.б.) ич кийимдерди көргөзмө кылып илүүнү колдоп, аны жогорку искусство катары баалоо менен уят болду. Элдин менталитетине, улуттук кулк-мүнөзүнө жана диний ишенимине каршы келген мындай көргөзмөгө каршы чыккан жаштарды маданияты төмөн, “мырктар” дегенге чейин барып, дагы бир уят болду.

Отунбаеванын мындай кылык-жоругун “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров кескин сындап, улуттун нарк-насилине, каада-салтына урулган балта деп сыпаттады.

2010-жылы парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш топтоп, Жогорку Кеңешке өтүп келген “Бүтүн Кыргызстан” партиясына бийлигин кыянаттык менен пайдалануу менен мандат бердирбей койгон Отунбаева Мадумаровдун сынына өзү жооп бере албады. Духу жетпеди шекилди. Бирок Аркадий Дубновду жалдап, ал алы жетишинче Мадумаровду каралоого аракет жасаптыр. Кыргыздын ички саясатына аралашкан Дубнов, “силерди катуу сүйгөндүктөн мына ушундай кадамга барууга аргасыз болдум” деп анткорлонуптур…

Аркаша Дубнов кыргыз эмес, өзү нанын жеген Россияга бүлүк салсак, анан талап-тоносок дегендердин бири. Мындай максаттагы кудай ургандардын баары “Эхо Москванын” айланасына чогулушкан. Алар жиниге орус президенти Владимир Путинди жамандап, күнү-түнү орус мамлекетинин пайдубалын солкулдатуунун аракетинде.
Булар керек болсо батыштын демократиясын, адам укугун кадырлоосун да уруп ойнобойт. Аларга хаос болсо, андан пайдаланып ошол жердин байлыгын талап-тоносо болду. Аларга Россияда Ельциндин заманы керек…

Чыныгы батышта аялзатынын жылаңачтанып чыгуусу айыпталат. Европа, АКШда жылаңачтануу эмес, коомдук жайларда (ТВ, спорттук оюндар жб.) көкүрөгүн көбүрөөк ачып алгандар сынга кабылат. Мына Францияда Femen деген уюм бар. Андагы кыз-келиндер Киев, Москвада көкүрөктөрүн жылаңачтап, акцияларын өткөрүп жүрүшөт. Мына ушулар да шымдарын, ич кийимдерин чечип, таяктарга илип алышпайт. Алар көкүрөгүн көрсөткөн акцияга чыгышканда украин, орус тартип коргоо органдары дароо кармап кетет.

Бул айымдар мына ушундай акциясын Парижде да жасашты. Парижде да тартип коргоо органдары кармап кетип жатты. Коомдук мораль мына ушинтип сакталат.

Ал эми Аркаша Дубновдор кайсы жерде болушпасын коомдун моралдык иммунитетин талкалап, ыдыраган, алсыраган, карама-каршылыгы күчөгөн коом, өлкөдөн пайда көрүүнүн, талап-тоноонун үстүндө иштейт.

Аркашалардын жол башчысы Жорж Сорос. Сорос Европа, Американы бүлгүнгө салып жүргөнү белгилүү. Бир эле Венгрия мисалын алсак. Сорос жана анын айланасындагылар улуу идеяларды жамынып, бет тырмарлык менен Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбанды жаманатты кылууга, венгр коомун бөлүп-жарууга аябай жан үрөдү. Бирок Орбан Соросту Венгриядан сүрүп чыгарып, бүлгүнчүлөрдөн арылды.

Отунбаева Соростун акчасына кыргыз элинин каада-салтына, нарк-насилине каршы келген көргөзмө уюштуруп, кыргыз элинин айыптоосуна туш болду. Айласы кеткенде Соростун балдарынын бири Аркаша Дубновду жардамга чакырыптыр.

Мына ушунусу менен Отунбаева Сорос, Дубновдор менен байланышын, чыныгы жүзүн дагы бир жолу ачыптыр…

Айданбек Акмат, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: