Кара-Көл ШИИБи тарабынан 2020-жылдын 3-августунан 9-августуна чейинки аралыкта, Кара-Көл шаарынын аймагында “Кара-Куурай” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 1 (бир) гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды.
Аталган иш-чараны өткөрүүгө коомчулук менен биргеликте жалпысынан 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн.
Кара куурайды оруп жок кылууга катышып жаткан жергиликтүү айыл тургундары мындан кийин да ушул сыяктуу иштерге активдүү катышарын билдиришип, жаштарды баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, сергек жашоого үндөп кетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ