“Бишкектин СИЗО-1 абагындагы шартка Равшан мырза нааразы деле болгон жок”, – деп 17-декабрда жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
“Ага бүгүн эле жолугуп келдим. Камерада аны менен бирге беш киши бар экен. Кой-Таш окуясы боюнча камалгандар менен жолугушкан эмес, ага жол да берилбейт. Туугандары менен жолугуша элек. Ал үчүн тергөөчүнүн уруксаты зарыл. Ушул жумада өтүнүч келтиришет болуш керек”, – дейт жакточусу.
Эскерте кетсек, экс-депутат Равшан Жээнбеков соттун чечими менен абакка эки айга, 2020-жылдын 9-февралына чейин камалган. Сотко жеткирилген күнү камералар өтө суук экенин айткан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ