Бул киши жөнүндө кимдер гана эмне деп жазганы жок. Кыргыз киносуна бу кишидей салым кошкондор өтө саналуу. Өзүнүн бир айткан сөзү бар: “Камерасыз мен киши эмесмин. Менин жанымдай көргөн операторлор ошону тартып калышчу да. Ошол ирмемдер үчүн бактылуумун, мен кыргыздын корифейлерин тартып калганыма бактылуу экемин. Саякбайды да көрүп калдым, Ч.Айтматов жөнүндө айтпай эле коеюн. Менин жоготконумду – силер жогото элексиңер. Кандай артисттер кетип калды. Эстесем ичимен кан өтөт ” деп айтканы бар эле. Жаткан жери жайлуу болсун, арамдык эмес, адамдык кинолорун айтып, бүтө албастырбыз…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ