“Айдоочуларды жөнсүз эле күнөөлөй берген болбойт. Бишкектин абасы бузулуп жатканына автонунаалар эмес, жагылган көмүр күнөлүү”, – деп билдирди бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда депутат Асылбек Жээнбеков.
“Бишкекти ыш басканы көмүрдөн келип чыгып жатат. Автоунаа айдагандарды күнөлөөгөн болбойт. Ошто деле ошо. Бирок Бишкектегидей ыш баса элек. Бул маселени жакын арада чечпесек болбойт”, – деди президенттин иниси.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ