Бүгүн, 23-декабрь күнү Жалал-Абад шаарында Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефти базадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалымат боюнча, Шерматов көчөсүндө жайгашкан Нефти базадан чыккан өрт саат 16:34тө чектөөгө алынган.
“Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн жеринде ыкчам топ жана 6 бөлүм иштеп жатат. Өрт тууралуу маалымат 16:01 түшкөн. Кошумча маалымат берилет”- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ