Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев, премьер-министр: “Эмдиги жылда Оштун экономикасын кескин түрдө көтөрөбүз!”

Бөлүшүү:

Жаңы жылдын астанасында Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жергесине сапарлап, бир катар маанилүү иш-чараларга катышты. Борборго кайтаарында премьер-министрди кабарчыбыз капыл-тапыл кепке тартты.

– Мухаммедкалый мырза, Түштүк жергесине күтүүсүз сапарыңыздын башкы мүдөөсү эмнеде?

– Кыргызстандын Түштүк башкалаасына соңку мезгилде абдан катуу эле көңүл буруп жатабыз. Аскар Шакиров атындагы көчөсүн бойлото заманбап даңгыраган автожол курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Буга улай бир кылымдан ашык калкка үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн эски суу түтүктөрүн жапжаңысына алмаштырып, баарын тең биротоло жаңыладык. Анан бул аймактарга 469 бак-дарак тигилип, 980 даана арча дагы эгилди.

– Ушуну менен эле чектелесиздерби?

– Жо-жок! 2020-жылда Ош шаарында ири текстиль комбинатын, ошондой эле Машина куруу заводун толук кандуу ишке түшүрөбүз. Ошентип, калаа бюджети булардын эсебинен азыркыдан дагы көбөйтүлөт. Мындан тышкары шаарда жумушсуздук маселеси дагы дээрлик кыскартылат.

– Мухаммедкалый мырза, деги мындан ары элетти кантесиздер?

– Ош облусуна караштуу райондук борборлордун дээрлик бардыгына тең асфальт төшөлдү. Тоолуу райондордун мугалимдеринин маянасы 15-39 миң сомсо дейре көтөрүлдү. Пенсияга дагы мына эми айтаарлык акча кошулат.

Мындан ары Кыргызстандын булуң-бурчундагы тоо-кен байлыктарыбцзды дагы байма-бай иштетүү жагын сөзсүз ырааттуу түрдө улантабыз. Бул максатта айыл-кыштактарда бара-бара чакан цехтер жана ишканалар тикеленет. Ошентип, чет өлкөлөрдө эмгектенишкен миңдеген мекендештерибизди өз өлкөсүнө кайтаруу аракетибиз дагы ого бетер күчөтүлөт.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: