Menu

Видео – Сооронбай Жээнбеков: “Мага чейинки коррупционерлер, алардын саясий технологдору Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып көрсөтүп, мага жабыштыргысы келип жатышат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда президентке коррупция схемасы жана Райым Матраимов боюнча суроо узатылды. Президент коррупцияны жек көрөөрүн, аны эл да жек көрөөрүн айтып, аны билип туруп, саясий технологдор Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып жабыштырып жатканын жана бажыдабы, башка тармактабы  анын“капчыгы” жок экенин баса белгиледи.

Биздин элибиз коррупция дегенди жек көрөт. Баарыбыз жек көрөбүз. Бажы кызматындагы коррупция боюнча айтып жатасыңар. Мына, Раим деп атпайсынарбы, Райым Матраимовду. Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып көрсөтүп, мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү, тапшырма берилди, ал иштеп жатат. Мен да карап турам. Убакыт керек. “Эгер дагы билгениң болсо, ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардамдашкыла”,- деп жатам. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?! Бардык кезде ошондой болуп келген. Бажыны көзөмөлдөй турган органдар, президенттер өздөрү чогуу схемада отурган. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы “капчык” деген жок. Мен жогуна кызыкдармын. Ошондуктан санариптештирип жатабыз. Менин аракетим ушул коррупцияны жеңүү, толук жеңе албасам дагы кыскартуунун артынан түшүп жатам. Коррупциялык күрөштө элдин ырыскысын жегендер менен аеосуз күрөш маселесин коюп келатам. Ал боюнча мен дагы айтам, иш жүрүп жатат. Менин да максатым коррупцияны жоюу, жок кылууга мен кызыкдармын. Силерге, массалык-маалымат каражаттарына рахмат, жазып жатасыңар, чоң жардам берип жатасыңар, реакция кылып жатабыз. Сөз эркиндиги бизде бар, бар үчүн жазып жатасыздар”,- деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: