Menu

Өзбекстан: Рембрандтка таандык делген сүрөттү чыгарып кетүүгө аракет кылышкан

Бөлүшүү:

7-ноябрда Ташкенттин Яккасарай райондук сотунун чечими менен бир нече миллион еврого бааланган графикалык сүрөт буюм-тайым далили катары конфискацияланды. Ал быйыл жайында Ташкенттен Израилге учуп кеткени жаткан жарандын баштыгынан табылган.

Маалыматка караганда, 2004-жылы каза болгон коллекционер Николай Плужниковдун уулу Андрей Плужников атасы сактап жүргөн Рембрандттын эмгегинин дүйнөлүк аукциондордо 12 миллион еврого бааланарын билип, сатууну чечет. Бул үчүн ал 2014-жылы сүрөттү көркөм чыгармаларды сатуу менен алектенген Камил Юлдашевге берген.

Плужниковдун айтымында, Юлдашев сүрөттү алгандан кийин таптырбай качып кеткен.

– Мен бул боюнча ИИМ менен Башкы прокуратурага кайрылгам. Жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, анда мен жабырлануучу болгом. Сүрөт быйыл 14-июнда Ташкенттен Израилге учканы жаткан Рафаэль Фузаилов аттуу жарандын жанынан табылган, – деди ал.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, учурда бул иш боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлгөн. «Тергөөнүн жүрүшүндө Плужников сүрөттү Юлдашевге өз каалоосу менен бергени аныкталды. Анын аракеттеринде эч кандай алдамчылык жок. Азыр сотто тараптардын жарыш сөзү болууда. Сүрөттү аткезчилик жол менен өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Соттун чечимине чейин ал убактылуу конфискацияланды», — деп жазылган көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин алдындагы көркөм экспертиза боюнча комиссия «сүрөт болжол менен Рембрандтка таандык жана тарыхый-көркөм баалуулукка ээ» деген корутунду чыгарып берген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: