Бүгүн, 27-декабрда, Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясы жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө. Жыйын жабык өтүп жаткандыктан, депутаттар эмне маселени карап жатышканы азырынча белгисиз.
Эске сала кетсек, Алманбет Шыкмаматов бүгүн партиянын курамынан чыгып, мандатын тапшырган. Анын ордуна депутат болуп Нурбек Сыдыгалиев келген. Ошондой эле Болот Шер менен кошо үч адам партиянын тизмесинен чыккан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ