Menu

“Сапат” лицейинин эки кызматкеринин соту болууда…

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын “Сапат” лицейинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттардын арызын карап жатат. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, көзөмөл орган УКМКнын тергөө абагындагы “Сапат” лицейинин эки кызматкери – Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди кылмыш жообуна тартыш үчүн Түркияга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган. Аларга “Түркиянын аймагындагы куралдуу террордук уюмдарга катыштыгы бар” деген айып тагылган.

Эске сала кетсек, кыргыз-түрк «Себат» лицейи 2017-жылы «Сапат» деп өзгөртүлгөн. Мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишин 1992-жылы баштаган. Анын түзүүчүсү, диниятчы Фетхуллах Гүленди Түркиянын президенти Режеп Эрдоган өзүнө душман санап, анын кыймылын «террордук» деп таанууга жана 2016-жылы кыргыз-түрк лицейлерин жабуу маселесин көтөргөн. Андагы президент Алмазбек Атамбаев ага каршы чыккан. Ошондон улам экөө “душман” болуп калган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: