Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Сыйлангандардын арасында журналист, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рыспаев Курманбек Абдымамбетович да бар. Ал “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамга татыды.
Курманбек Рыспаев 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктагандан бери бир нече аймактык жана республикалык ЖМКларда үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Нарын облустук телеканалында, КТРКда журналист, “Эркин тоо” гезитинде башкы редактор, КР ЖКнын басма сөз кызматында жетекчилик кызматтарда иштеп, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту.
Бир нече китептердин автору. Азыркы учурда “Курсташтардын кыял жоруктары” аттуу китептин үстүндө иштеп жаткандыгын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ