Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарындагы баштыкка салынган ымыркайды энеси эмес башка адам таштап кеткендигин Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, ымыркайды селсаяк таап алган. Ал Кочкор-Атадагы автобекетке атайын элге көрүнүктүү жерге таштап кеткен.
Учурда ымыркайды көчөгө таштап кеткен энени милиция издөөдө.
Эске салсак, жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү кечээ, 26-декабрда саат 17:00 чамасында унаа токтотуучу жайдан табылган.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/696889294169407/
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ