Menu

Сапардын сапарлаштары митингге чыгат

Бөлүшүү:

Нарын облусуна караштуу Кочкор айылында мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун тарапташтары митингге чыгууга камданышууда. Айтымдарында, мурунку премьер-министрди эркиндикке чыгаруу талабы менен митингди уюштурууну чечишкен. Тынчтык митинги аткаминердин туулуп өскөн кичи мекени Кочкордо өтөт. .

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген. Бул иште аттиш 600 долларга, байкоочу камералар 14 миң долларга бааланып, баасы асман чапчыган.

Айрымдардын айтымы боюнча ЖЭБге деп бөлүнгөн 386 млн. доллардын 250 млн. доллары эле керектелип, калганы коррупционерлердин кулкунуна кирип кеткен.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: